Бүгүн Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырат. 17-спикерлүү болобуз!

Бүгүн Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырат. 17-спикерлүү болобуз!

Бүгүн, 25-октябрда спикер Чыныбай Турсунбеков кызматын тапшырат. Спикерлик орунга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов,  “Бир бол” фракциясынан Аскарбек Шадиев, “Кыргызстан” фракциясынан Дастан Жумабеков талапкерлиги коюлары белгилүү болду. Бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик жыйында каралып, үчөөнүн бири спикер болот. 

Эскерте кетсек

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп 2016-жылдын 27-апрелинде шайланган. Анын талапкерлигин 88 депутат колдогон. Аябай эле ЖКга, ажого кызмат кылып берген, айтканынан чыкпай… Бир эле мисалды келтирсек, президенттикке талапкерлигин өзүн өзү көрсөтүп жатканда, Атамбаев “Ким СДПКнын чечимине баш ийбесе, кызматтан кетет” десе, кайра талапкерлигин алып койгон. Ошентсе да бу бийликке жакпады…

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: “Чыныбай Турсунбеков эркек эмес”

Ажо Атамбаевдин айткан сөзүнөн кийин, президенттикке талапкерлигин алып койгондо, коомдук ишмер, юрист Бабырбек Жээнбеков ачууланып, мындай деп катуу айткан:

Сөзүнө турбаган адамды эркек деп айтышка болбойт. Элге жар салгандан кийин, жарышка чыгыш керек болчу. Ага креслосу керек экен, унчукпай отуруп берди. Бизнесинен коркту, кара жанынан коркту. Элди ойлобой, өз кызыкчылыгын ойлогондорду эл кызматына жолотпош керек. Мына Иса Өмүркулов да ичинен күңгүрөнүп жүрөт, Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай. Айла жок колдоп жүрөт, мойнунан байлаган “иттей” болуп. Мойнунан байлаган “ит” болсо ууга жарабайт”.

Эсте калган спикерлер…

Жогоруда айттары аталган депуттардын үчөөнүн кимиси болоорун бир гана Атамбаев билбесе, биз билбейбиз. Бирок, 17-спикер болорун билебиз. Тарыхка кылчайсак, Эгемендүүлүк алганы 16-спикерлүү болуппуз. Баарынан эсте калганы Ишенбай Кадырбеков болгон. Ал 2005-жылдын 24-мартында, биринчи революциядан кийин, спикер болгон. Бирок, ал орунда ошол жылдын 14-апрелине чейин эле отурган. Андан кийин болгон Муратбек Мукашев да тез эле кызматтан түшкөн. Андан кийин Өмүрбек Текебаев болуп, андагы ажо Курманбек Бакиев менен аппарат башчысы Үсөн Сыдыков экөө менен аябай кармашкан. “Эркек болсоң асынып ал!” деп Бакиевге сын айта калам деп балээсине калган. Адахан Мадумаров болсо, депутаттарды “смокинг кийгиле” деп кыйнаган. Баарынан эсте калган спикер бул — Айтибай Тагаев болгон. Ал орус тилин билчү эмес, котормочу жалдачу. Аябай эле деңгээли төмөн адам болчу.

Бу кызматта кимиси канча отурган?

1.Медеткан Шеримкулов, (1990 -1994)

2.Мукар Чолпонбаев (1995—1997)

3.Алманбет Матубраимов, (1995 — 1997)

4.Усуп Мукамбаев (1997 — 2000)

5.Абдыганы Эркебаев (1997 —2000)

6.Алтай Бөрүбаев (2000 — 2005)

7.Ишенбай Кадырбеков (24-март-14-апрель 2005-ж)

8.Муратбек Мукашев (2005-ж)

9.Өмүрбек Текебаев, (2005-ж —2006-ж)

10.Марат Султанов (2006-ж — 2007-ж)

11.Адахан Мадумаров (2008-ж — 2008-ж)

12.Айтибай Тагаев (2008-ж — 2009-ж)

13.Зайнидин Курманов (2009-ж — 2010-ж)

14.Ахматбек Келдибеков (2010-ж — 2011-ж)

15.Асылбек Жээнбеков (2011-ж — 2016-ж)

16.Чыныбай Турсунбеков (2016-ж — 2017-ж)

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.