Бакыт Турдумамбетовдун сөөгү Кыргызстанга таң эрте келет

Бакыт Турдумамбетовдун сөөгү Кыргызстанга таң эрте келет

Москвада курулушта иштеп жаткан мекендешибиз Бакыт Турдумамбетовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам сурап Шаира Түштүк кызы Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. Аны менен байланышып, “ТИМге, Москвадагы элчиликке кайрылдыңарбы?” деп сураганда, ал жакка кайрылбаганын, “Нарын” коомунун жигиттери, бир туугандары чуркап жатканын айткан.

Бакыттын жашаган жеринде…

Маркум Бакыттын бул жактагы туугандарын Бишкектен сураштырып отуруп, акыры жашаган жерин таптык. Нарындык жигит Лебединовкада үй-бүлөсү менен турчу экен. Кошунасы Жаркын айым менен бул окуя боюнча маек курдук. Ал дароо эле Бакыттын атасынын абалын айтты.

Жаркын: “Балам келет” деп атасы күтүп жаткан эле”

-Бакытты атасы, аялы, балдары “келатат” деп сүйүнүп күтүп жатышкан. Бакыттын төрт баласы бар, кичүүсүнө төрт ай гана болду. Аты Назар, ушул уулун көрөм деп келаткан эле да. Баарыбыз күтүп жатканда, “каза болуп калды” деген кабар келди. Мындай кабарды угуу өтө оор. Атасынын жүрөгү кармап, түндө тез жардам менен ооруканага жатты. Үй-бүлөсүнө оор эле болду. Бакыт жаркылдаган жакшы жигит болчу. Бакытты келет деп баарыбыз эле күтүп жатканбыз. Той өткөрбөй, топурак салып калабыз деп эч кимибиз ойлогон эмеспиз. Жапжаш кетти. 35 гана жашта болчу.

-Канча бир тууган?

-Бакыт үч эркектин улуусу болчу. Үчөө тең апасы менен Москвага иштегени кеткен. Жакында эле апасын ошол жактан машина коюп кетип, кырсыктап, ооруканадан жаңы эле чыккан. Апасы бүгүн түшкү 12де учуптур, 5те келип калат го. Бакыттын сөөгүн кечки сегизде учакка салышат экен. Бир туугандары чуркап жүрөт. Ошолор алып келет го, сыягы. Укканыбыз боюнча мамлекеттен эч жардам берилген эмес. Кечки саат сегизде салынса, таңкы саат төрттө келип калат экен.

“Бакыттын сөөгүн тосуп алабыз” деген кыргызымдын жигиттери

Кыргызымдын жигиттеринен айланса болот. “Кыргыз” күйгөн мекенчил балдарыбыз бар экен. Сайтка чыгары менен “эмне кылалы, кайда баралы?” деген пикирлерди жазып жатышты. Алгачкылардан болуп, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эрлан Аскаров кайрылган. “Кыргызпыз го, эмне жардам керек? Каерге барабыз? Сөөгүн тосуп алалыбы?” деп даяр турат.

Бүгүн кечки саат 8де Бакыттын сөөгү учакка салынат экен. Таңкы төрттө Кыргызстандын аэропортуна келип калат. Тосуп алам, жардам берем дегендер болсо, аэропортко барса болот.

Бакыт эмнеден каза болду?

Москвада иштеп, жашап жаткан Шаира Түштүк кызынан сурасак, ал: “Кыргызстанга кечинде машина менен кеткен эле. Шофер менен сүйлөшүп баратып эле уктап кетиптир. “Уктап калды го” деп ичиндегилер билбей кете беришиптир. Кийин тили чыгып калганда гана каза болуп калганын билишиптир”,-деди.

Шаира Түштүк кызы Бакыт менен коштошуу ырын жазган.

КОШ ЭМИ, БАКЫ!!!

Агарбай, таңың калдыбы Бакы?
Азапка жанды салдыбы Бакы?
Шаң коштоп жүргөн күндөрүң калып,
Шум ажал сени алдыбы Бакы?

Күлгүндөй күндөр калдыбы Бакы?
Күйүттү жанга салдыбы Бакы?
Күмүштөй өңүң кубартып аттиң,
Куу ажал сени алдыбы Бакы?

Көптөрдү салып күйүттүү күнгө,
Көркөмдүү күндөр, алмашып түнгө.
Колдон бир келбес иш экен аттиң,
Кечээги көргөн бүгүн жок дүйнө.

Тайпага келип, эки кыз таптың,
Тайпалаш достун баарына жактың.
“Тамашоу” боздоп, кан жутуп турат,
Таң атпай, неге көзүңдү жаптың?

Азапка салып айыпсыз жанды,
Арманда кеттиң, атырбай таңды.
Дайныңды таппай аталап ыйлап,
Даришиң менен Мээришиң калды.

Тайпада калды досторуң Бакы,
Токулган калды тостторуң Бакы.
Түбөлүк менде сакталат аттиң,
Таң атпай келип, коштошууң Бакы!

Жазылбай барак, ак калды Бакы,
Жүрөктө күйүт так калды Бакы.
Жараткан берсин, бейишин төрдөн
Жылмаюң бизде сакталды Бакы!!!

Шаку. Москва.

Мекендешибиз Бакыт Турдумаматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу “Алакан” сайтынын эмгек жамааты ата-энесине, жубайына, балдарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.