Депутаттар 17-спикер кылып Дастан Жумабековду шайлады

Депутаттар 17-спикер кылып Дастан Жумабековду шайлады

Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттары эртең менен бул кызматтан кеткен Чыныбай Турсунбековдун жазган арызын угуп, 17-спикерди, “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Артисбекович Жумабековду шайлап беришти. Депутаттар тизме менен жашыруун добуш беришти. Кызыгы, Өмүрбек Текебаевдин да аты аталды.  Жыйынтыгында, Дастан Жумабеков 80 депутаттын колдоосу менен өттү. 

Атаандаш Исхак Масалиев гана болду

Дастан Жумабековго атаандаш депутат Исхак Масалиев гана болду. Бирок, ал чыгып, “бул жөн гана альтернатива болду. Алдын ала Дастан Жумабеков болору белгилүү эле болгон»,-деди. А чыны ошондой эле болду. Алдын ала баары эле даяр экени билинип калды. Себеби, эч кимиси суроо берген жок. Кызыккан жок. Айтор, аларга баары бирдей.

Дастан ЖУМАБЕКОВ: «Жакшы иштеп берем»

Атаандашынан кийин сөз алган Дастан Жумабеков шайлоо тынч, таза өткөнү үчүн алгач ажо Атамбаевге ыраазычылык билдирди. «Колдосоңор, жакшы иштеп берем»,-деди. Бир добуштан колдоп беришти. Эмне дейбиз, жаңы шайланган спикер Дастан Жумабековго ийгилик каалайлы. Ажого кошомат урбай, бийликке кызмат кылбай, элге кызмат кылсын! Ошондо гана Манастын тукуму боло алат!

Дастан Жумабеков 40 жашта. 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Саткей айылында туулган. Улуту — кыргыз. Үй-бүлөлүү. Белгилүү ортопед Сабыр Жумабековдун бир тууган иниси.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ: “Спикерден кетсем да, саясатта калам”

Чыныбай Турсунбеков кызматын өткөрүп жатканда, ал өз сөзүндө саясатка 7 жыл мурун келгенин, Жогорку Кеңеш Төрагасы кызматына 1,5 жыл мурун шайланганын, бул мезгил ичинде парламентте жасалган иштерге токтолду. Анын айтымында, бул мезгил аралыгында 2020-жылга чейин Жогорку Кеңештин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашты. Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлүп, ишкерликке баардык мыйзамдык шарттарды түзүүгө кадамдар жасалды. Ошону менен катар, соңку жылдарда Жогорку Кеңештин эл аралык коомчулукта, ЕККУ, ЖККУ, КМШ ПАА, ТүркПА сындуу эл аралык уюмдарда татыктуу өз ордун көрсөтө алды. Бир катар маанилүү ратификациялык мыйзамдар кабыл алынды.

Парламент жетекчилигинен кетип жатканын айткан Чыныбай Турсунбеков демократия куруу жолунда бараткан Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасына өтүү үчүн конституциялык реформаны аягына чыгаруу керектигин билдирди. Мындан сырткары, өлкөдө Президенттик кызмат тынчтык жолу менен өткөрүп берүү салты ишке ашып, муну менен Кыргызстан дүйнө коомчулугунда аты таанылып жатканын белгиледи. “Бийликке келүү менен бийликтен кете билүүнү салтка айлантуубуз керек”,-деди Ч.Турсунбеков.

Сөзүнүн соңунда, Чыныбай Турсунбеков спикерликтен кетсе дагы, саясат менен парламенттен кетпестигин белгилеп, демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, кесиптештерине ыраазычылыгын айтты.

Кайсы спикер бул кызматта канча отурган?

Тарыхка кылчайсак, баарынан эсте калганы Ишенбай Кадырбеков болуптур. Себеби, ал 2005-жылдын 24-мартында, биринчи революциядан кийин, спикер болгон. Бирок, ал орунда ошол жылдын 14-апрелине чейин эле отурган. Андан кийин болгон Муратбек Мукашев да тез эле кызматтан түшкөн. Андан кийин Өмүрбек Текебаев болуп, андагы ажо Курманбек Бакиев менен аппарат башчысы Үсөн Сыдыков экөө менен аябай кармашкан. “Эркек болсоң асынып ал!” деп Бакиевге сын айта калам деп балээсине калган. Адахан Мадумаров болсо, депутаттарды “смокинг кийгиле” деп кыйнаган. Баарынан эсте калган спикер бул — Айтибай Тагаев болгон. Ал орус тилин билчү эмес, котормочу жалдачу. Аябай эле деңгээли төмөн адам болчу.

1.Медеткан Шеримкулов, (1990 -1994)

2.Мукар Чолпонбаев (1995—1997)

3.Алманбет Матубраимов, (1995 — 1997)

4.Усуп Мукамбаев (1997 — 2000)

5.Абдыганы Эркебаев (1997 —2000)

6.Алтай Бөрүбаев (2000 — 2005)

7.Ишенбай Кадырбеков (24-март-14-апрель 2005-ж)

8.Муратбек Мукашев (2005-ж)

9.Өмүрбек Текебаев, (2005-ж —2006-ж)

10.Марат Султанов (2006-ж — 2007-ж)

11.Адахан Мадумаров (2008-ж — 2008-ж)

12.Айтибай Тагаев (2008-ж — 2009-ж)

13.Зайнидин Курманов (2009-ж — 2010-ж)

14.Ахматбек Келдибеков (2010-ж — 2011-ж)

15.Асылбек Жээнбеков (2011-ж — 2016-ж)

16.Чыныбай Турсунбеков (2016-ж — 2017-ж)

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

One thought on “Депутаттар 17-спикер кылып Дастан Жумабековду шайлады

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.