Аксакалдар: “Атамбаев 7 күндүн ичинде Талас элинен кечирим сурасын!”

Аксакалдар: “Атамбаев 7 күндүн ичинде Талас элинен кечирим сурасын!”

Бүгүн, 26-октябрда, Талас облусунан келген аксакалдар журналисттерге жыйын өткөрүштү. Аларды мындай жолго түрткөн ажонун “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген сөзү болгон. Талас элинин атынан атайы келип, бүгүнкү күйүп-бышып, намыстанып келип, айткан сөздөрүн, үндөрүн ажо Алмазбек Атамбаевге жеткирип коюну суранышты. Алгачкы сөздү аксакалдардын улуусу Асанбек Дүйшөналиев баштады.

Асанбек ДҮЙШӨНАЛИЕВ: “Атамбаевдин көкүрөгү көр адам экен”

— Айланайын, журналисттер, биз бул жерге намыстанып, өз чындыгыбызды айталы деп атайы Талас элинин атынан келдик. “Абыке, Көбөштүн эмес, Манастын урпактары” экенибизди далилдөө максатта алдыңарга келип олтурабыз. Чыркыраган үнүбүздү Алмазбек Атамбаевге жеткирип койсоңуздар. Талас элин “Абыке, Көбөштүн урпактары” деп айтуу ажонун сөзү эмес, элди бөлүп-жаруу — бул өлкө башчысынын кыла турган иши эмес. Атүгүл, жөнөкөй киши мен дагы антип айта албайм. Кечирип койгула, көчөдөгү алкаш да антип айтпайт. Таластын элин бөлбөсүн. “Манастын тукуму экен” деп Кенекеевди Акүйгө алып келип алды. Биз азыр жаныбыз ачып турганда мунусу да туура эмес. Атамбаев кетээрине аз калганда, бөлүп-жарбай, элди кагыштырбай, сый-урмат менен кетсе, жакшы болмок. Унчукпай отурган элди өзү кордогон сөздөрү менен козгоп жатат. Себеби, биз буга чейинки сөздөрүнө чыдап, унчукпай келдик. Хан болуп туруп ушундай сөз айтканынын өзү кечирилгис. Атамбаевдин көкүрөгү көр адам экен. Тезирээк Таласка барып, кечирим сурасын. Биз ушуну талап кылабыз. Биз муну ушул бойдон калтырбайбыз, аягына чейин чыгабыз!

Төрөбек КЕШЕНБАЕВ: “Бизде Абыкенин урпактары жок”

— Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзү биздин намыска тийди. Бизде Абыкенин урпактары жок. Баарыбыз Манастын урпактарыбыз. Бул Ош, Чүй, Талас, Нарын дагы Манастын урпактары. Биз дайым Кыргызстандын биримдиги үчүн күрөшүп келгенбиз. Бизди бөлбөсүн!

Эшенбек КОЖОМБЕРДИЕВ: “Биз козголсок, арты жаман бүтөт”

— Бул жерге биз жаныбыз ачып келдик. “Эмнеге кечеңдеп келдиңер?” деген суроо беришиңер мүмкүн. Биз Атамбаев өзү сезип-туюп, кечирим сурар деп убакыт бердик, күттүк. Себеби, Назарбаевди да жамандап алып, кайра: “балким мен ошондо ачуулукка алдырып койгондурмун”,-деди го. Ошондой көрүп, күттүк да. Ошондой эле, анын бир ооз жылуу сөзү керек болчу. Ойносо да, ойлоп сүйлөшү керек болчу. Эми кечирим сурасын. Биз аны президент кылганбыз. Мына Роза Отунбаева ага ордун мөөнөтүнөн мурда, тынчтык жолунда өткөрүп берип кетти. Бул кызматка Атамбаев жылуу-жумшак келди. Оор учурда, ошол жамандап жаткан Роза Отунбаева аял башы менен бардык жоопкерчиликти мойнуна алган. Отунбаеваны да былтыр жамандады. Ага унчуккан жокпуз. Шайлоо болду, анын жыйынтыгына унчуккан жокпуз. “Бабановду колдосоңор, казактарга кошулгула” деди, унчуккан жокпуз. Акырында “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деп жатат. Эмне Талас эли унчукпай отура берет деп жатабы? Андай эмес, жаңылышат. Биз козголсок, арты жаман бүтөт. Бул коркутуу эмес, эскертүү. Мыйзам жолу менен ар кандай кадамдарга барабыз!

Рыскулбек ЖАНКОРОЗОВ: “Атамбаевдин бийлик башына келгенине Текебаев күнөөлүү”

— 2010-жылы Бакиев бийлиги, так кулабаса, Атамбаев бүгүн ким болот эле? Атамбаевди ушул такка алып келген Талас эли болчу. Атамбаев менен Бакиев салгылашып жатканда, биз аны колдоп, атүгүл Атамбаев деген жазуусу бар формасын кийип, аны коргогон элек. Эми минтип бизди кордоп жатат. Шайлоо учурунда биз аны 97 пайыз менен шайлаганбыз. Ошондо биз “Манастын урпагы” экенбиз да, бүгүн “Абыке, Көбөштүн тукумдары” болуп калабызбы? Кечээги жакшылыкты унутканың туура эмес. Бир ууч кыргыз элин бөлүп жатасың, адам эмес экенсиң! Менин башымды алса алсын, мен “сен” деп эле айтам, анткени өзү ошого татыктуу болду. Азыр диктатуралык заман болуп калды. Анан ошол заманды колунан кое бергиси келбей, Жээнбековду алып келип, көмүскөдө башкаргысы келүүдө. Күнөөнүн баары Текебаевде. Анткени ал азыр Атамбаевдин ордунда отурмак. Текебаевдин ажо болууга ошондо толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бийликке жулкунбай, жумшактык кылып, Атамбаевге жол бошотту. Атамбаев бийликке таластыктарды алып келсем, бизди токтоп калат экен деп ойлобосун! Ал үчөөнө мен: “Дастан Жумабеков, Дайыр Кенекеев, Зарылбек Рысалиев экинчи Таласка баргыла!” деп эле айтам. Себеби, өз кызыкчылыгын ойлогон адамдарды Талас эли кабыл албайт!

Рыскелди БОТИКОВ: “Атамбаев жооп бере турган күн келди”

— Ар бир кыргыз өзүн “Манастын урпагымын” деп эсептейт. Ошол кыргыз элин “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген Атамбаевдин сөзү, түшүнгөн кишиге бул өтө катуу сөз. Бул сөз Талас элинин эле эмес, жалпы кыргыз элинин көйгөйү. Атамбаев кыргыз элин эле эмес, коңшу турган казак эли менен да кайраштырып койду. Шайлоонун алдында, драмтеатрдын ачылышына келип алып, ал жердегилердин баарынын телефонун алдырып коюп: “Эгер силер Бабановду 70 пайыз колдоп берсеңер, анда казактарга кошулуп кете бергиле!” дептир. Антип айткандай, ал ким өзү? Ушул сөзү үчүн да жооп бериши керек. Бул сөздү 500 адам уккан, далилдеп берет. Дүжүрлөрүнүн алдына барып алып же жылуу кабинетте отуруп алып эле ар нерсени сүйлөй берүү болбойт. “Айтылган сөз — атылган ок” деп кыргызда бекер айтылбайт. Ар бир айткан сөзгө жооп бериши керек! Жооп бере турган күн келди. Биз Атамбаевден коркпойбуз, биз Кудайдан гана коркобуз! Анткени кыргыздын ырыскысын Атамбаев эмес, Кудай гана берет. Андыктан биз Атамбаевден талап кылабыз, 7 күндүн ичинде Талас элинин алдына барып, кечирим сурасын! 7 күн убакыт беребиз!

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаевди бул сөзү үчүн сотко беребиз!”

— Өткөн жекшемби күнү Талас жерин кыдырып келдим. Ар бир райондо жолугушуу болду. Ошондо деле элдин талабы ушу болду, “Атамбаев кечирим сурасын” деген. Аябай ызаланып, ызырынып жатышат. “Ушул сөздү айткыла, көтөрүп чыккыла” деген аманаттарын айтышты. Ошондо мен элге айткам: “Атамбаевди биз бул сөзү үчүн сотко беребиз. Биздин соттор чечпесе, эл аралык сот бар, ошого чейин барабыз” деп. Ал сөзүм дагы эле күчүндө. Сотко беребиз. Атамбаевдин иши жалпы Кыргызстандын биримдигин, ынтымагын камсыздап, экономиканы көтөрүү болчу. Ошол иштерди кылбай, элди бөлүп-жарып, ушактап, каралоого өтүп алды. Сокесин (Жээнбеков) колдогондор “Манастын урпагы” экен да, колдобогондор “Абыке, Көбөштүн тукумдары” болуп калабы? Анда Талас эли эле эмес, Кыргызстандын жарымы “Абыке, Көбөштүн тукуму” болуп калабы? Себеби, башка облустан да Бабановго добуш бергендер бар да. Ушундай сөзү менен Атамбаев элди курчутуп, ордунан козгоп жатат. “Атамбаевдин акылы ордундабы же жокпу?” деген суроо туулат. Себеби, акыл-эси бар адам элди бөлүп-жарып, мындай сөз айтпайт. Бул сөзү үчүн кечирим сурасын, талап кылабыз! Дастан Жумабеков менен Дайыр Кененбаевди кызматка алып келсе эле, Талас эли унчукпай калат деп ойлоп жатабы? Унчугат. Биз 7 күн күтөбүз, андан соң, мыйзам жолунда кадамдарга барабыз!

Суроо-жооп

 “24 Ала Тоо” телеканалы:

— Кечирип коесуздар, таластыктар, таластын кулундары, неге “Манасты” окуюн десе, укпай койдуңар? Ал боюнча сын-пикир айтылбадыбы?

— Себеби, ал Кенекеевдин чөнтөгүнөн сууруп чыккан шпаргалкасы болчу. Ал китеп эмес, жөн гана барак болчу. “Биз Манасты Кенекеевдин оозунан эмес, нак манасчынын оозунан угабыз” дедик. Анын үстүнө ал жерде Манас уга турган жер эмес эле, абал эмес эле. Биз Манасты угабыз, манасчынын өз оозунан угабыз, башкалардын эмес. Эгер Талас эли чыныгы манасчынын Манасын укпай койсо, анда биз андан кечирим сурамакпыз.

— Сиздер атайы Таластан келип, президентти сындап жатпайсыздарбы. Бул  Бабановдун буйрутмасы болушу мүмкүнбү?

— Сен журналист болуп туруп, туура эмес суроо берип жатасың. Маалыматың да жок экен. Дегеним, шайлоонун эртеси биз шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, өзүбүз көтөрүлүп чыкканда, Бабанов: “Сабыр кылыңыздар, ачуулукка алдырбагыла. Тынчтык керек, тынч болуңуздар” деп телефон чалган. Андыктан бул жерде Бабанов, шайлоо жөнүндө сөз болгон жок. “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деп айткан ажонун сөзү жөнүндө сөз болууда. Бул жерге Бабановду, шайлоону кошпогула!

“24 kg” агенттиги:

-Бабырбек Субанович, сиз “Атамбаев кечирим сурабаса, кадамдарга барабыз” деп айттыңыз. Ал кандай кадам болушу мүмкүн? Кандай кадамдарга барасыздар?

-Ар кандай кадам болушу мүмкүн: нааразычылык акциясы, тынчтык митинги. Бардык кадам мыйзам жолунда гана болот! Мыйзам жолу менен гана иш алып барабыз! (ВИДЕОсу)

Ушул күнү…

Атамбаев Жумабековго “Манас” китебин тапшырды

Дал ушул күнү, Таластан келген аксакалдар жыйын өткөрүп жатканда, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алды. Ажо спикерди кызмат орду менен куттуктап, Куран жана «Манас» китептерин белекке берди.

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.