Кылмышкердин колунан милициянын лейтенанты каза болду

Кылмышкердин колунан милициянын лейтенанты каза болду

Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн, 26-октябрда, Биринчи май РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлү, милициянын лейтенанты Майрамбеков Уларбек Бишкекте кылмышкердин колунан каза болгон. 25 жаштагы милициянын кызматкери акыркы сапарга эртең, 27-октябрда, Жалал-Абад облусунун Масы айылында узатылат.

Үйлөнүү үчүн эмгек өргүүсүнө чыккан экен

Майрамбеков Уларбек кырсык болордон күн мурун, жумуштан кийин, үйлөнүп жатканына байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыгууга арыз жазыптыр. Иштен соң кесиптешин Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине жеткирип коюну суранып, жеткен жеринде калган. Кызматкерди кылмышкер бычактап кеткен. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.