Кыш мурдубуздун учунда турганда көмүр кымбаттады

Кыш мурдубуздун учунда турганда көмүр кымбаттады

Экономика министрлигинин билдиргенине караганда, жергиликтүү көмүрдүн баасы бир жарым айда тоннасына — 891,1 3 сомго, импорттук көмүр — 516, 66 сомго кымбаттады.

20-октябрга карата жергиликтүү көмүрдүн орточо баасы — 4 миң 167, 59 сом, импорттуку — 4 миң 658, 33 сом болду.

Баткен облусунда көмүр баасы — 5 миң 666,7 сом, Нарында — 3 миң 75 сом. Сүлүктүнүн көмүрү айрым райондордо 9 миң сомго чейин жеткен.

Экономика министрлиги 3 ай ичинде көмүр баасын жөнгө салууну сунуштады. Аталган министрлик буга кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жана казак бийлигинин көмүр экспортуна тыюу салышын себеп катары көрсөтүүдө.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.