Милиционер кокустан кесиптешин атып алды…

Милиционер кокустан кесиптешин атып алды…

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. 25-октябрда болжол менен саат 18:15 чамасында 1991-жылы туулган М.Н. аттуу милициянын ага сержанты “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып жатып, ок атуучу куралды этиятсыздык менен колдонгондугунун айынан ушул эле башкармалыктын кызматкери, милициянын старшинасы Жолдошбек уулу Адилет кесиптешин кокустуктан атып алган. Милиционер тапанчаны карап жаткан учурда, атылып кеткен. Атылган ок кесиптешинин төшүнө тийип, ошол жерден жан берген.

Милициянын ага сержанты М.Нга бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Толук жана ар тараптуу иликтөөнү Нарын шаары боюнча КРнын МУККБгы жүргүзүп жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Каза болгон милиция кызматкери акыркы сапарга эртең, 27-октябрда Нарын шаарында узатылат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.