Төрөбаевди кетирем деген «интриган» депутаттар кимдер?

Төрөбаевди кетирем деген «интриган» депутаттар кимдер?

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясында да жетекчисин алмаштыруу маселе көтөрүлгөнү боюнча алгач депутаттар жашырышкан. «Интрига» уюштургандардын аттары акыры аталды, алар — Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутанов. Мындай маалыматты тактаган журналисттерге аталган фракциянын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров ырастап, буларды айткан: “Булар фракциянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушунун негизинде кабыл алынган чечимдерине каршы саясат жүргүзгөнү үчүн катардан чыкты. Бакыт Төрөбаевге каршы интригаларды уюштуруп, туура эмес маалыматтарды тараткан. Ошондой ыплас нерселер себеп болуп чыгарып салдык. Биздин фракцияда ынтымак болушу керек, көпчүлүгү фракциянын саясатын колдоого тийиш.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.