Таласка губернатор Зарылбек Рысалиев болобу?

Таласка губернатор Зарылбек Рысалиев болобу?

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев кечээ, маркум Темир Жумакадыровдун кызматтык ордуна вице-премьер-министр болуп келди. Анын кызматтык ордуна үч кишинин аты аталууда. Алар: Зарылбек Рысалиев, Айбек Сүйүнтбеков, Марат Мураталиев.

Рысалиев Зарылбек Кылычбекович 56 жашта. Ал 1960-жылы 19-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районунуна караштуу Урмарал айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Үй-бүлөлүү. ИИМдин министри болгон. Жакында эле “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке Н.Нышановдун ордуна депутат болуп келди.

Мураталиев Марат Молдалиевич 50 жашта. Ал 1967-жылы 23-июнда Талас шаарында төрөлгөн. Талас облустук мамлекеттик администрациянын мурдагы жетекчиси Байымбек Мураталиевдин иниси. Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси.

               

Сүйүнтбеков Айбек Өзүбекович 38 жашта.СДПК партиясынын облустук координатору, Талас шаардык кеңешинин депутаты. “Альфа Телеком” ЖАКтын (MegaCom) Таластагы филиалынын директору.

 

 

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.