АКШ Түндүк Кореяга карата санкцияларды кеңейтти

АКШ Түндүк Кореяга карата санкцияларды кеңейтти

Кошмо Штаттар адам укуктарынын бузулушу үчүн жоопту түндүк кореялык аскерлерге жана аткаминерлерге карата чектөөлөрдү койду. АКШ каржы министрлиги маалымдагандай, санкцияга Түндүк Кореянын жети жараны жана үч уюму киргизилди.

Санкциялык тизмеде Түндүк Корея аскер коопсуздугу департаментинин башчысы, эмгек министри дагы бар. АКШнын каржы министри Стивен Мнучин түндүк кореялык аскерлер бүткүл дүйнө боюнча өлкөдөн качкан диссиденттерди куугунтуктоого катышы бар экенин айтты. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп алардын Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу аракеттерине Орусия тоскоол болуп жатканын билдирген. Сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Пхеньянга карата санкциялык тизмени кеңейткен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.