Алмазбек АТАМБАЕВ: “Менин саясатым жакпай калса, башка жактан орун издей бергиле!”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Менин саясатым жакпай калса, башка жактан орун издей бергиле!”

Бүгүн, 27-октябрда, ажо Алмазбек Атамбаев Ак үйдө чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алгандан кийин, баягы адатка айланып калган сөздөрүн сүйлөдү.

“Эки облустан жеңген талапкер админресурс жөнүндө айтса күлкүң келет экен”

Алмазбек Атамбаев 15-октябрда өткөн шайлоодо ачык айкын добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, таза шайлоо өтүп, тилеги орундалганын айтты. «Менин тилегим таза шайлоо өткөрүү болчу, ошол орундалды. Эки эле облустан жеңген талапкер административдик ресурс жөнүндө сүйлөгөндө күлкүң гана келет экен. Кыргызстан четтеги бир байкеге эмес, өз президентине ишенет. Өлкөдөгү акыркы окуялар Республиканы сатып кетүүгө ким даяр экендигин, Кыргызстанга чындап ким күйөөрүн көрсөттү. Биз көз карандысыздык үчүн жаныбызды берүүгө даярбыз жана биздин ата-бабалар жанын берген. Патриот болуп жаткандардын үнү жөн гана курулай кыйкырык. Эгер кимдир бирөөгө менин саясатым жакпай калса, анда башка жактан орун издей бергиле демекчимин. Бир тууган Казакстандан жарандык алуу өтө жеңил. Силерди кабыл ала турган болсо, кош колдоп кое беребиз. Анткени аларда жер көп”,-деди.

Бул сөзү менен ажо кечээ Таластан атайы келип, журналисттерге жыйын өткөргөн кадырлуу карыяларга жооп бергендей эле болду окшойт. Демек, кечирим сурабайт. А аксакалдар болсо, бир жума убакыт берип. ажонун жообун күтүшүүдө…

“Кыргызстан ЕАЭБке үмүт артып, өзүбүздү алдабайлы”

Андан тышкары, ажо Евразия экономикалык биримдигине да токтолду. “Евразия экономикалык биримдигине көп ишене бербөө керек. Кыргызстан ЕАЭБке чоң үмүт арткан. Экономикалык өнүгүүнү ЕАЭБке байланыштырып, ага үмүт артып, өзүбүздү алдабайлы. ЕАЭБ бир кишиден көз каранды уюм болбошу керек. Келечекте Орусия стратегиялык өнөктөш бойдон кала берет.

“Вагондор пломбаланып жөнөтүлөт”

Ошондой эле ажо Өкмөттү кыргыз товарлары үчүн жаңы рынокторду издөөгө чакырды. Өлкө башчысы өкмөткө жана ишкерлерге Өзбекстан жана Кытайдын рыногун иликтөөнү сунуштады. «Өндүрүш товарларын Россияга темир жол менен жеткирүүнү сунуштайм. Ал эми Бишкектеги жылуулук станциясын жергиликтүү көмүргө өткөрүү зарыл»,-деди. Ажонун айтымында, вагондор пломбаланып жөнөтүлөт.

Кыргыз-казак чек ара маселеси

Ажо казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал жаңы темир жолду куруу зарылдыгын көрсөткөндүгүн айтты. «Өкмөт жаңы темир жолдун курулушуна айрым депутаттардын сөзүнөн улам насыя албай калды эле. Эми алар популисттик гана сөздөрдү айткандыгы анык болду», — деди.

Эскерте кетсек

10-октябрдан бери Казакстан кыргыз жүк ташуучу ууналарына өз аймагын жапкан. Кыргызстандан бара жаткан жүктөр жана Орусиянын аймагы аркылуу Кыргызстанга келе жаткан ууналар казак чек арасында өтө албай калган жана калышууда. Казакстан ушул жума башында Ереванда чек ара ачылбасын так айтты. Ошондой эле казак өкмөтү көмүрдү экспортко чыгарууга тыюу салды. Кыргызстандын түндүгү көбүнчө казак көмүрү менен жылынары белгилүү.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.