Атамбаев УКМК кызматкерлерине дагы үй бергени жатат

Атамбаев УКМК кызматкерлерине дагы үй бергени жатат

Бишкектеги «Көк-Жар» конушунан бүгүн УКМК кызматкерлерине ажо Атамбаев дагы үй бергени жатат. «Атамбаев келет» деп кечээтен бери эле тегерек чет тазаланып жаткан. Бүгүн таң атпай милициялар биздин ары-бери басканыбызды көзөмөлдөп, каалаган жагыбызга өткөрбөй жатат. УКМК кызматкерлери ансыз деле үйлүү. Ажо аларга бат-бат эле үй берип жатат. Алардын айрымдары жашаган деле жок. Туугандары жашап жатат. Кээ бирөөлөрү квартирага берип койгон. А бизге окшогон чыныгы үйгө муктаж болгон карапайым элге качан ушундай үй салдырып берет? Мына квартирада жашайбыз.Тигүүчү цехинде иштейбиз, тигүүчүлөргө деле үй салдырып берсе болот да. Биздин тиккен кийимдер сыртка кетүүдө. Кандайдыр бир деңгээлде биз деле Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жатабыз да. Шайлоодо укмуш нерселерди айтып келишет. Андайда бизге окшогон эл керек. Өткөндөн кийин эле унутулуп калабыз. Деги бир теңдик жок” деп ал жерде жашаган жергиликтүү эл кейишүүдө.

Баса, ажо Атамбаев үй берип жатып да “балп” десе керек. Андагы сүйлөгөндөрүнөн да беребиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.