Гүлнара Каримованын тергөө иши аяктап калды

Гүлнара Каримованын тергөө иши аяктап калды

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын 2012-жылы тоңдурулган активдери боюнча 5 жылга созулган тергөө ишин Швейцариянын федералдык прокуратурасы аягына чыгарууда. Кеп 800 миллион АКШ доллары жөнүндө болуп жатат. Иш сотко өтө элек, бирок бир катар өлкөлөр бул акчаларга ээлик кылуу үчүн олуттуу аракет көрө башташты. Le Temps гезити маалымдагандай, Каримованын активдерине ээлик кылууга негизинен Өзбекстан, АКШ жана Голландия талапкер болууда.

Швейцариянын федералдык прокуратурасынын билдирүүсүндө, 2012-жылы июлда 6 кишиге, анын ичинде Гүлнара Каримовага карата тергөө жараяны башталган. Алар коррупция жана арам акчаны адалдоого шектелишүүдө. Швейцариянын федералдык прокуратурасы 800 миллион франкты (784 млн. доллардын тегереги) камакка алган.

“Берн декларациясы” коммерциялык көз карандысыз уюмунун салык жана каржы коопсуздугу боюнча талдоочу Оливье Лонгшан Гүлнара Каримованын ишин эл аралык юриспруденциядагы эң эле чиеленишкен иш деп атады. “Биринчиден, тоңдурулган каражаттардын жана башка байлыктардын жалпы наркы 1 миллиард долларды түзөт. Экинчиден, бул иште 19 өлкөнүн юриспруденциясы каралууда. Бул учурда жаңжалдан качуу мүмкүн эмес”, – деген Оливье Лонгшан.

Ал эми Швейцариянын федералдык соту бул өлкөлөр ортосунда ири жаңжал жарала электе ишти тезинен сотко өткөрүүгө кызыктар экенин кошумчалады.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.