Төлөгөн Касымбековдун баласы Райкан Төлөгөновду 15 жылга кести

Төлөгөн Касымбековдун баласы Райкан Төлөгөновду 15 жылга кести

Бүгүн, 27-октябрда, Биринчи май райондук сотунда ЖКнын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун соттук териштирүү иши уланып, жарыш сөз болуп, өзүнө да акыркы сөз берилип, жыйынтыгында судья Марат Сыдыков 15 жылга кести.

Буга чейин Райкан Төлөгөнов эч бир күнөөсү далилденбегенин айткан. Ал эми адвокаты мамлекеттик айыптоо жазаны жумшартууну, Райкан Төлөгөновдун буга чейин соттолбогонун жана жаш курагын эске алууну өтүнгөн. Ага болбой прокурор Бакыт Доктурбеков “Райкан Төлөгөновдун күнөөсү толук далилденди” деп ага 15 жылга катуу тартиптеги түрмөгө кесүүнү суранган. Андан тышкары, доочулардын материалдык чыгымын канаттандыруу үчүн үй-мүлкүн конфиякациялоону сунуштаган. Акырында сот адвокаттын, Райкан Төлөгөновдун сөзүн эске албай, прокурорун өтүнүчүн, сунушун гана эске алып, соттоп салды.

Эскерте кетсек

Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган. Мөөнөтү өтүп кеткени боюнча акыркы статья боюнча жаза колдонулган жок.

65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийинчерээк денсоолугу начарлап, № 1 тергөө абагына которулган. Ал жердин дарыгерлери да жардам бере албай, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы аны №47 жатак абакка которуу чечимин чыгарган.

Иса ТӨЛӨГӨНОВ: “Аларга атам эмес, Текебаев менен Болот Шер керек экен”

Экс-депутат Райкан Төлөгөновго кылмыш иши козголо баштаганда, баласы Иса Төлөгөнов УКМК кызматкерлери анын талап-тоноочулук боюнча 5 жыл мурда соттолгон агасы Муса Төлөгөновду опузалап, жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатканы боюнча маалымат жыйын өткөргөн. Ошондо Райкан Төлөгөновду УКМК кармап кеткен соң, анын түрмөдөгү баласынан мародерчулук иши боюнча Өмүрбек Текебаев жана Болот Шерге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышканын айткан. “Анткени аларга менин атам эмес, Текебаев менен Болот Шер керек экенин, мындай көрсөтмө берсе, атамды бошотоорун айтышыптыр. Мен агам мындай көрсөтмө берди го деп ойлойм, анткени ал талапты аткарарын кыйыткан”,-деген Иса Төлөгөнов.

Болот ШЕР: “Төлөгөновго саясий куугунтук болууда”

Мурунку соттук отурумдарга күбө катары Төлөгөновдун партиялашы Болот Шер келип,  ал “козголгон кылмыш иши саясий куугунтук” деп, Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде талап-тоноочулук кылган деген айыптоолорду жокко чыгарган.

Сартбай ЖАЙЧЫБЕКОВ: “Райкан Төлөгөновдун денсоолугу начар»

Жактоочу Сартбай Жайчыбеков Төлөгөновдун уйку артериясы бүтөлүп, 47-абакта ага операция жасаларын айткан. “Төлөгөновдун абалы диагноз боюнча да, азыркы турушу боюнча да оор. Медициналык термин боюнча айтсак, уйку артериясы бүтөлүп калган. Тагыраак айтканда, артериядан 25 пайыз гана кан өтүп жатат. Бул эс-тутумун начарлатып, инфарктка алып келет. Муну дарыгерлер изилдеп, тастыкташты. №47 колонияда ага операция жасоо маселеси чечилет. №1 тергөө абагында медициналык жардам көрсөтө алышкан жок. Төлөгөновдун саламаттыгын ЖАМКнын коллегиясы, республикалык кардиологиялык оорукананын врачтары текшерип, оор деп бүтүм чыгарышкан,- деген Сартбай Жайчыбеков.

Бүгүнкү соттун жүзү

Денсоолугуна да, жашына да, адвокаттардын, өзүнүн, күбөлөрдүн айтканы эске алынбай, Кыргыз эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун баласы, экс-депутат Райкан Төлөгөновду сот Марат Сыдыков 15 жылга кесип салды. Мына, бүгүнкү соттордун жүзү. Аттиң!

Эрзат МЫРЗА

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.