Жалал-Абадда жер силкинди

Жалал-Абадда жер силкинди

Кечээ, саат 21.43тө Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталганы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эпицентрде күчү 4 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 6 чакырым түндүк-батышта, Көк–Жангак шаарынан 27 чакырым түштүк-батышта, Сузак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта катталган. Жалал-Абад шаарында жана  Сузак, Жар-Кыштак айылдарында — 3,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Массы айылында 3 баллды түзгөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.