Кадыр КОШАЛИЕВ: “Кыргыз бөтөн жолго түшүп, адашып баратабыз”

Кадыр КОШАЛИЕВ: “Кыргыз бөтөн жолго түшүп, адашып баратабыз”

“Учур кеп: Эмне кылуу керек? Өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшөлү!” аталышта коомдук ишмер Кадыр Кошалиев жазып чыкты. Келгиле, чогуу угалы!

Кыргыз элинин табиятына, кулк мүнөзүнө, менталитетине, салтына туура келбеген бөтөн жолго түшүп алып, адашып жатканыбызды моюнга алуудан башка чарабыз калган жок. Ошондуктан айкөлдүккө, аруулукка, адилеттикке, нарктуулукка негизделген өзүбүздүн төтө багытыбызга кайтып, өнүгүүнүн кыргыз жолун улантмайын ишибиз оңолбойт.
Элдик Курултай өкүлчүлүктүү элдик бийликтин туу чокусу, көчмөн элдердин тарыхый табериги катары Баш мыйзамга өзүнчө бап (глава) болуп кирип, ыйгарым укуктарын, статусун так аныктаган Конституциялык мыйзам кабыл алынышы зарыл.
Аталышы боюнча «Улуу Курултай», «Элдик Курултай» же «Улуу Жыйын» деп аталабы аны эл чечиши керек. Кеп аталышында эмес, мазмунда, элдик бийликти орнотуу аркылуу адилет коом курууда жатат.
Курултай — элдин нарктуу, салттуу, ыйгарым укуктуу, өкүлчүлүктүү жыйыны катары бийлик бутактарын багыттоочу жана көзөмөлдөөчү жамааттык. Эл башкаруу ишин жөнгө салат. Эл — бийликтин ээси экенин аныктап турган, республикалык жана жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алуу үчүн эл өкүлдөрү катышкан жыйын катары коомдук-саясий системага Элдик Курултай институтун киргизүү керек.
Ошондо Курултай түзүмү:
• Бийлик бутактарына татыктуу адамдардын келишине шарт түзөт;
• Бийликтин ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгын канааттандырууга багыттайт;
• Бийликтин ишмердүүлүгүнө кийлигишпей көзөмөл салат;
• Бийлик бутактарынын башчыларынын отчетун угат жана баа берет;
• Эл арасында улуттук нарк-насилди, каада-салтты, үрп-адатты, жакшы жөрөлгөлөрдү, бийик моралдык-нравалык сапаттарды калыптандырууга, ал эми жосунсуз жоруктарды, ысырапкорчулукту четтетүүгө өбөлгө түзүп, башка элдердин да жакшы өрнөктөрүн пайдаланып, жаратмандыкка жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик идеологияны түптөйт.
• Курултайдын чечимдери императивдик күчкө ээ. Улуу Курултайдын чечимдери бүткүл республиканын, ал эми жергиликтүү Курултайлардын чечимдери тиешелүү аймактын бардык мамлекеттик жана коомдук уюмдары, жеке жарандары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.
• . Натыйжада Курултай түзүмү мамлекеттүүлүктү сактоонун, бекемдөөнүн негизги түркүгүнө айланат.

Дүйнөдө ушуга өтө жакын тажрыйба Кытайда иштеп жатат. Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйыны (Всекитайское Собрание Народных Представителей ВСНП ) ыйгарым укуктары, статусу, коомдогу орду, аталышы эле башка болгону менен Курултайдын дал өзү. Жалпысынан 2979 адам жылына бир ирет чогулат, ал эми 150 адамдан турган Комитет туруктуу иш алып барат. Өкүлчүлүктүү элдик бийлик менен партиялык түзүлүш ичинен табигый бириктирилген.
Германиянын Президентин Федералдык жыйын шайлайт. Президент Федералдык Канцлердин талапкерлигин Бундестагка (Парламент) сунуштайт. Монголиянын Парламенти Улуу Хурал деп аталат жана анын өтө чоң ыйгарым укуктары бар. АКШнын Президентин 538 адамдан турган шайлоочулардын коллегиясы бекитет. Эмне үчүн 5 млн эли бар Кыргызстандын Президентин жалпы элдин өкүлдөрүнөн турган Курултай шайласа болбойт?!
Жапондор Император, Англия баштаган Европанын бир канча өлкөсү Король институттарын бийликтин жана элдин биримдигинин символу катары эң сонун колдонуп, сактап келе жатышат. Биз ата бабалардан келе жаткан Курултай институтун көтөрсөк эле кээ бир опоненттер айткандай артты карап калабызбы?

Эгер Элдик Курултай орносо эмне берет?

1. «Эл бийликтин жана эгемендиктин ээси» деген Баш мыйзамда жазылып, бирок иштебей келген берене иштей баштайт. Бийлик дайыма Элдин көзөмөлүндө болот. Кызмат адамдарынын өзүм билемдигине чек коюлат. Бардык мүмкүнчүлүктөр бир нукка бурулуп, элдин өзүнө болгон ишеними артат. Өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшөт, мамлекеттүүлүк бекемделет.
2. Бизге дарыдай керек болуп турган адилеттик орнойт. Адилеттүүлүк – таза коомдун түркүгү. Коррупциянын, кылмыштуулуктун тамыры кыркылат. Эл башына таза, адилет, адискөй адамдардын келишине шарт түзүлөт. Элдин бийликке ишеними пайда болот.
3. Бийлик бир топ же үй-бүлө үчүн эмес, эл үчүн кызмат кыла баштайт, жоопкерчилик пайда болот. Эл өз өкүлдөрү аркылуу бийлик жүргүзүүгө тикелей катышып, түйүндүү маселелерге акыркы чекитти коюп, олуттуу чечимдерди кабыл алат. Пикет, митинг, революция кан төгүү өзүнөн-өзү токтойт. Каркыра, Үзөңгү-Кууш сыяктуу жерлер башкага кетпейт.
4. Мурдагыдай ички жана сырткы күчтөр, дүйнөлөшүүнүн таасири мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаал жарата албай калат. Сырттан башкаруунун күчү азайып бара-бара токтойт. Мамлекет, эл, бийлик бир бүтүндүккө айланат.
5. Улутуна, уруусуна жашаган жерине, саясий, диний көз карашына карабай элди бириктирет жана ичинен тазалайт.
6. Кыргыз элинин титулдук этнос катары бириктиргич өзөктүк ролу өсүп, кадыр-баркка ээ болуп, анын каада-салтын, маданиятын, тарыхын сыйлоо өөрчүп, тилин үйрөнүүгө кызыгуу жаралат. Жакшы жөрөлгөлөрдүн жана моралдык-нравалык сапаттардын өсүшүнө шарт түзүлөт. Элдин духу көтөрүлүп, ар-намыс ордуна келет.
7. Өлкөбүздө орногон элдик бийлик жана анын натыйжасында жаралган иш жүзүндөгү өнүгүү процесси, ага болгон кызыгууну күчөтүп, Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын көтөрөт. Черчилл айткандай: «Демократия деген болбогон нерсе, бирок адам баласы мындан дурус жолду таба элек» болсо, мамлекеттик түзүлүш, эл башкаруу жаатында жаңы этап башталат. Башкысы коомдо адилеттик, элдик бийлик орнойт!

One thought on “Кадыр КОШАЛИЕВ: “Кыргыз бөтөн жолго түшүп, адашып баратабыз”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.