“Супер инфонун”ээси Султанов кайрадан элчи болду

“Супер инфонун”ээси Султанов кайрадан элчи болду

Бүгүн, 28-октябрда, ажо Атамбаев Кылычбек Султановду (азыркы аты-жөнү — Султан Кылычбек Камчыевичти) Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кылып дайындады.

Буга чейин Кылычбек Султанов 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. Ө.Текебаев бийликтин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесине каршы чыкканда, ал аны колдоп, арыз жазып, кызматтан кеткен. Бирок, кийин ал сөзүнөн кайтып, Атамбаевден кечирим сурап Фейсбукка билдирүү жазган. Билдирүүсүндө, ал Малайзияда иштеп жүрүп мекенине пайда гана келтире алганын жана ажого ыраазы экенин баса белгилеген.

Кылычбек Султанов 41 жашта. Ал 1976-жылы 4-январда (негизи 1975-жылы 7-декабрда төрөлгөн экен, күбөлүгүнө туура эмес жазылып калганын өзү жазып чыккан –авт.) Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган. Жогорку билимдүү. И.Арабаев атындагы КМУну аяктаган. Кесиби – экономист. Үй-бүлөлүү. Үч баланын атасы. “Супер Инфо” гезитинин негиздөөчүсү жана ээси.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.