Жалбырактан роза гүлдөрүн жасаган Жыпар

Жалбырактан роза гүлдөрүн жасаган Жыпар

Жыпар Орунбекова белгилүү журналист Дайырбек Орунбековдун жубайы. Ушундай өнөрүнө кызыгып, ага азыноолак суроо узаттык.

— Жыпар, жалбырактан жасаган роза гүлдөрдү бирөө заказ кылдыбы, же?

— Мектепте окуп жаткан кайын сиңдиме керек болгон экен, жасап көрдүм, бир аз окшошту окшойт. Мектепте окуп жүргөндө «Эмгек» сабагынан ар кандай буюмдарды жасаганды үйрөнгөнбүз. Ошондо үйрөнгөм, көп жылдан бери бүгүн кайталап көрдүм.

— Канча роза жасадыңар? Бир гүлдү жасаганга канча убакыт кетет?

— Биз 21 роза жасадык. Бир гүлдү жасаганга 4-5 мүнөт кетет. Эгерде улам кайталап жасап турса, андан дагы батырак даярдаса болот.

— Жолдошуң, балдарың кызыгып жатабы, аларга үйрөттүңбү?

— Бул гүлдү жасоо өтө деле таң калаарлык эмес, себеби, муну бардык адам жасай алат деп ойлойм. Жөнөкөй эле ыкмалар колдонулат. Эгер жолдошум кызыкса, анда албетте үйрөтөм, бирок ал кызыкбайт болуш керек.

— “Өнөрүн көрсөтүүдөн уялат, уялчаак”,- дейт го жолдошуң. Неге уяласың?

— Мен колумдан келген жумушту жасагандан, ак эмгек менен жашагандан, өнөрүм болсо аны колдонуудан эч качан уялбайм.

— Ушундай өнөрүңдү билген жолдошуң майрамдарга жасалма гүл белек кылса керек? Кандай гүл жагат?

— Жолдошум майрам эмес күндөрү деле гүл алып келип калат. Бирок көбүнчө гүл эмес, буюм белек кылат. Чын көңүлдөн берилген белектин баары мага өзгөчө, кымбат жана баалуу. Мага фрейзи гүлү жагат. Корзинага салынган фрейзи гүлүн жакшы көрөм.

— Жалбырактан гүл жасаганыңа караганда, күз мезгилин жактырат окшойсуң?

— Үй-бүлөңдө амандык, жакшылык болсо, ар бир күн, ар бир мезгил жагымдуу. Мага төрт мезгилдин баары жагат. Өзгөчө кыш мезгилин үй-бүлөбүз менен жактырабыз.

— Гүлдү жасаганга кандай нерселер керектелет?

— Жалбырак жана аны жармаштырганга түссүз скотч, талдын чыбыгы керектелет.

— Бул эмгегиң канча күн сакталат?

— Чынын айтсам, канча убакыт турарын билбейм, себеби, көп жылдан бери жасай элек болчумун. Жалбырак канча убакытка чыдаса, ошончо күн турат. Бирок так билем, роза гүлүнө караганда көпкө сакталат.

— Дизайнер окшойсуң?

— Мен, архитектура, дизайн жана курулуш факультетинде окуп жаткам. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу убактылуу академиялык тыныгуудамын. Мурда деле өзүм сайма, сүрөт тартууга кызыкчумун.

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.