Жылаңайлак жүргөн Жулия Робертс 50 жашта

Жылаңайлак жүргөн Жулия Робертс 50 жашта

Бүгүн Голливуд жылдызы, жүзгө чукул тасмага тартылган, 56 фильмде башкы ролду ойногон актриса Жулия Робертс бүгүн, 28-октябрда туура 50 жашка толуп олтурат. Өзү 1967-жылы туулган. 1990-жылы чыккан “Красотка” деген көркөм фильмге тартылып, кыска убакыттын ичинде 22 жашында дүйнөгө “дүң” болгон. Ал тартылган дээрлик бардык кинолор көрөрманды кайдыгер калтырбайт. “Мексиканец” тасмасын тарткан оператор Даниэл Модер менен жашап келатканына 15 жыл болду. Экөө үч уулдун: 12 жаштагы эгиздер Хейл менен Финнестин жана 10 жашар Генринин ата-энеси. Жуля Оскар, Эмми, Алтын глобус сыйлыктарынын ээси. 12 жолу “Дүйнөнүн эң сулуу айымы” деген наамга татыктуу болгон. Эң кызыгы 15 жылдан бери кайда барбасын, жылаңайлак жүргөндү жактырат. Атүгүл ири кинофестивалдарда бут кийимсиз жүрөт.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.