Селфи кылам деген туристтин колун сындырып салышкан

Селфи кылам деген туристтин колун сындырып салышкан

Швейцариялык туристтер – аял-күйөөсү жергиликтүү төрт индус менен селфи кыла коебуз дегенде, тигилер жинденип, аялдын колун сындырып, эркегинин башын жарып салышкан. Туристтердин айтуусу боюнча, төрт индустун жанына келип, “сүрөткө түшүп коелу” деп суранышканда, беркилер унчуккан эмес, анан жандарына туруп, селфи кыла баштаганда, таяк, таш менен кол салышкан. Аны көргөндөр болушкандын ордуна, камера, телефондорго тартып киришкен. Кол салгандардын бири полициянын колуна түшкөн. Индиянын тышкы иштер министри жапа чеккендерге колунан келген жардамын беришерин айтышты. “Туристтерге мындай мамиле жасабагыла” деп Индия боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери башталды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.