ТАЛАС: «Алмазбек Атамбаев Талас элинен кечирим сурасын!»

ТАЛАС: «Алмазбек Атамбаев Талас элинен кечирим сурасын!»

Бүгүн, 29-октябрда, Талас облустук администрациянын алдында «Манас атанын урпактары, улуттук намыс» аттуу тынчтык жыйыны болуп өттү.

Намысты бек туткан Талас эли: “Кыргыз элинин намысы бардыгынан жогору”, “Манастын урпактарын экиге бөлбөгүлө!” деп кол менен жазып алган плакаттарды көтөрүп чыгышып, катуу сүйлөштү.

«Атамбаев Талас элин экиге бөлбөсүн!»

26-октябрда Таластык аксакалдар атайы Бишкекке келип, пресс-конференция өткөрүп, “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген сөзү үчүн, Талас элин экиге бөлгөнү үчүн ажо Атамбаев кечирим сурасын!” деген талап коюп, 7 күн убакыт беришкен. Анда 6 аксакал талап кылса, бүгүн Талас эли талап кылып чыгышты. Ошол эле маселе бүгүн да көтөрүлдү. Намысты бек туткан Талас эли: “Атамбаев бул сөзү үчүн кечирим сурасын! Эгер сурабаса, биз анда жөө жүрүш менен болсо да Акүйдүн алдына барабыз! Биз, Талас эли 2010-жылы канкор Бакиев бийлигин кууп чыккан, президенттик шайлоодо 97% менен Алмазбек Атамбаевди колдогон элбиз. Ошондо биз “Манастын урпактары” экенбиз да, бүгүн “Абыке, Көбөштүн тукумдары” болуп калабызбы? Талас элин экиге бөлгөнү үчүн, “Абыке, Көбөштүн тукумдары” дегени үчүн кечирим сурасын! деген талап менен 3-ноябрга чейин тынч тарашты. Тагырагы, кайрадан калың эл 3-ноябрда, саат 12.00дө Талас облустук администрациянын алдында жолугушат.

“Манас” резолюциясы кабыл алынды

Жыйындын жыйынтыгында «Манас» резолюциясын кабыл алышты. Бул резолюцияны эч оңдоо-түздөөсү жок алдыңыздарга сунуш кылып турубуз, туугандар!
“Акыркы убакта КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүтүндөй кыргыз элине жасаган расмий билдирүүлөрү эл арасына ар кандай божомолдорду, таң калууну, ачыган айтканда, элдик кыжырланууларды жаратууда. 19-октябрда Президент жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууда ал каалабаган Президенттик талапкерлерге добуш берген Талас элин “Абыке, Көбүштүн тукумдары”, ал эми өзүнүн кошоматчы жактоочуларын «Манастын урпактары» деп атаган.
27-октябрда чет элдик элчилер менен жолугушууда анын саясаты менен макул болбогон адамдарды Кыргызстандан чыгып кетүүгө чакырып, казак мамлекети аларга эч кыйынчылыксыз жарандык берээрин, казак жери кең экендигин каңкуулаган.
Буга чейин Президент А. Атамбаев “Нарын элин койсуңар” деп, анын саясаты менен макул болбогон саясатчыларды ар кандай одоно сөздөр менен мазактап, Ош жерине барган оппозиционер саясатчыларды ташбараңга алып, кууп чыгууга чакырган учурлары да болгон.
Бул иш-аракеттери менен Президент А. Атамбаев өзүнүн Конституцияда каралган калыс, адилет эл башчылык милдеттерин аткаруунун ордуна кыргыз элин бөлүп-жаруу, бири-бирине тукуруу, эки жээкке бөлүп, аларды бири-бирине тукуруп, ортодо эрегиш отун тутандырып, жек көрүүнү козутуу аракеттерин жасоону адатка айландырып алды.
Талас областынын жашоочулары Президент А.Атамбаевдин бул жосунсуз жоруктарын кескин айыптайт жана А.Атамбаевдин бийлик жүргүзгөн 2011-жылдар мезгилинде бажы системасында өрчүп-өскөн коррупциялык системаны тез аранын ичинде жөнгө салып, анын жетекчилигин иш-аракеттерин тыкыр текшерүүгө алып, жоопко тартуу зарыл деп эсептейт. Эгер мындай иштер жасалбаса, анда бажыдан сол чөнтөккө түшүп жаткан миллиардарга Президент А.Атамбаевдин да тиешеси бар деп эсептейт.
Жогорудагыларды белгилөө менен митингдин катышуучулары КРнын Президенти А.Атамбаевден, Жогорку Кеңештен жана Кыргыз өкмөтүнөн талап кылат:
1. «Таластыктар эл эмес» дегенин, «Эгер кайсыл бир талапкер үчүн 70% добуш берсеңер, анда референдум өткөрүп, Казакстанга кошулуп кеткиле!” деген жана “Таластагы бийликти колдобогондор Абыке, Көбөштүн тукуму” дегени үчүн Талас элинен кечирим сурасын!
2. Кыргыз эли менен Казак элинин ортосундагы калыптанган достук мамилени жокко чыгарып, мамлекеттер ортосунда кастык мамилени орноткон А.Атамбаев Президенттик мөөнөтү бүткөнчө мурдагы мамилени жөнгө келтирсин!
3. Бажы тармагындагы коррупцияны тизгиндөө жана жоюу максатында ал тармакты тыкыр текшерип, Казакстандын премьер-министри Б. Сагинтаев ЕАЭБ жыйынында айтылган сын-пикирлерине жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш жообуна тартуу маселесин тез арада чечилсин!”

Калет сөз. Туртуура коюлган талап. Туура кабыл алынган резолюция. Бирок, ажо Алмазбек Атамбаев ушул талапты, Талас элинин үнүн угабы? Талас элинен кечирим сурайбы? Аны бир Кудай билет. Эмнеси болсо да, сабырдуулук менен жакшылыкка гана ой жүгүртүп, үмүт артып туралы, туугандар!

И баса…

Алмазбек Атамбаев студенттерге сыйлык тапшырардын алдында ачууланып мындай деген:

“Убагында Манас атабыз өлгөндөн кийин, Абыке, Көбөштөр башкарып калган кыргыздарды. Абыке Көбөштөр. Манас атабыздын өмүрлүк жары Каныкей апабыз качкан, кичинекей Семетей менен Бухарага качкан. Казыр да Абыке, Көбөштүн урпактары башын көтөрүп атат. Мен мурдагы күнү “Ютубдан” видеону көрүп алып, жаман болдум. Таластын губернатору Даир Кенекеев “Манасты” алып келип, Манас атанын сөзүн окуп берейин десе, ышкырып, бакырып окутпай койду жаш балдар. Артында, албетте, биз билебиз ким турат. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантты. Манас атабыздын сөзүн Таласта укпайт, уят. Таластыктар үчүн абдан уят. Менин сөзүмдү уктурбасын, Манас атанын сөзүн Таласта окуйм дегенде, эл Куран китебиндей уккандай болуш керек. Манас атабыз, өзгөчө Таласта, Таласты журт кылып,Таластын пирин чыгарып… Чингиз Айтматов айткан: “Саякбай Каралаев – азыркы кылымдын Гомери” деп. Саякбай Каралаевдин китебин, “Манас” дастанын окутпайбыз” деп ышкырып, бакырып, “Манас атанын сөзүн укпайбыз” деп ышкырып, бакырып, Абыке, Көбөштүн урпактары Таласта кылып жаткан кылыгын көрүп алып, мен абдан кайгырдым. Рахмат Даир Кенекеевге. Мен телефон чалып алып, айттым: “Эй, сен Манастын урпагы экенсиң”деп. Манастын урпактары Кыргызстанда көбөйөт. Таласта деле көбөйөт. Манастын урпактары көзүңөрдү ачкыла! Билесиңер, катуу жаракатты Чингиз хандын урпактары Коңурбай алган. Анткени, Монголияда аларды “монгол” дейт, Россия менен Кыргызстанда “калмак” дейбиз. Калмак элине эч кандай каршылыгым жок. Бирок, бул тарых. Анан азыркы чингизиддерди ээрчиген, Таласта биздин саткын адамды, жаш жигитти ээрчип, Абыке, Көбөштүн урпактарын угуп, Манас атанын Таласта укпайм дегендери бул уят. Мени укпагыла, урматтуу таластыктар, Манас атанын сөзүн окуйм дегенде Кудай өзү кечирсин. Кыргыздар үчүн пайгамбардан кийинки эле ыйык адамыбыз — Манас. Биз Манастын урпактарыбыз! Абыке, Көбөштөрдүн урпактарына жол бербейбиз! Өзгөчө Таласта. Талас башкача бир жер. Бүт Кыргызстан сыймыктанат. Мына, Ала Тоо аянтында Манас атабызга, берки тарабында Чингиз Торокулович Айтматов турат. Ошондой эле балдары кыйын болсо, ачык айтайын, биринчи жолу айтып атам. Чингиз Торокулович Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда, ошол таластын балдары бир тыйын берген жок, бир тыйын. Мен акча таап, бүтүрүп бердим, Манас, Чингиз Торокуловдун күмбөзүнө. Айтпаган нерсени айттым. Театр болобу, башка нерсе болобу, эй! Шекерлик, Кара-Бууралык Айтматовго бир тыйын бербей, таластын балдары, ошолорду ээрчигендер бул Абыке, Көбөштүн урпактары. Абыке Көбөштүн урпактары. Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүз деген, миң деген бабаларыбыз канын берген Кыргызстан эгемендүүлүгү үчүн”,-деген.

Ушул сөзүнөн көп өтпөй Дайыр Кенекеевди вице-премьер-министр кылып, жанына алып алды.

Нази БАЯН кызы

One thought on “ТАЛАС: «Алмазбек Атамбаев Талас элинен кечирим сурасын!»

  1. Хан деген калыс болуш керек.Элди экиге болбой,кечирим сураса бир жери кемип калбайт.

Добавить комментарий для Daniar(Таласский дворник)Отменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.