Атыр АБДРАХМАТОВА, БШКнын мүчөсү: “Шайлоонун жыйынтыгына каршымын!”

Атыр АБДРАХМАТОВА, БШКнын мүчөсү: “Шайлоонун жыйынтыгына каршымын!”

Бүгүн Боршайком 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова «шайлоону өттү» деп жарыялап, элди жаңы президенттүү болушу менен куттуктады.

БШКнын билдирүүсүнө караганда, шайлоодо талапкерлер Сооронбай Жээнбеков 54.22, Өмүрбек Бабанов 33.49, Адахан Мадумаров 6.57 пайыз добуш алган. 12 миң киши «баарына каршы» добуш берип, алар 0.73 пайызды түзгөн.

Жыйынтык боюнча жыйын болуп, аягында «Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо» мыйзамынын 37-беренесине ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлду. Андан БШКнын эки мүчөсү баш тартты, алар: Гүлнара Журабаева жана Атыр Абдрахматова. Шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып, макул болбогон Атыр айым шайлоодо бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурс колдонулганын ачык айтып чыкты.

Адилет, калыстык кылган кыздарыбыз бар үчүн Кыргызстан кармалып турат да. Атыр Абдрахматова Бакиевдин бийлигинен бери жалган менен күрөшүп келген активдүү жаран. БШКнын төрайымы болгондо бийликке бай ийбей, Жээнбековдун “жасалма добуштарынын” айыбын ачып, Атамбаевди калчылдатмак экен. Бул да болсо, тарых. Ал акыры өз баасын алат деп ойлойбуз!

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, ага 11 талапкер катышкан. Талапкерлердин ичинен бир гана Адахан Мадумаров “шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм”,-деген. Ал эми Токтайым Үмөталиева шайлоонун тынч өткөнүнө сүйүнгөнү менен өзүнүн алган добушуна күйүнөт. Бул боюнча ал 1-ноябрда ММКларга жыйын өткөрөт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.