Автожүрүш башталды

Автожүрүш башталды

Бүгүн, 30-октябрда, Ташкентте «Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар» каттамы боюнча эл аралык пилоттук автожүрүш башталганы тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымат кызматы билдиргендей, автожүрүштүн ачылыш аземине транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Өзбекстандын тышкы саясат министри Эльёр Ганиев жана Кытайдын Транспорт министрлигинин коопсуздук боюнча башкы инспектору Чэн Пин катышты. Тараптар бул иш-чара Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы мамилени жаңы деңгээлге чыгарат деп белгилешти.

Эскерте кетсек, 5-6-октябрда, Атамбаев Өзбекстанга болгон иш сапарында тараптар автожүрүш өткөрүүнү макулдашкан. Муну менен катар Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.