“Дача СУ” маселесин көтөргөн Аскарбековдун соту жылды

“Дача СУ” маселесин көтөргөн Аскарбековдун соту жылды

“Эркин эл” саясий партиясынын лидери, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү, активист жаран катары белгилүү болгон Мавлян Аскарбековдун соттук териштирүү иши Биринчи Май райондук сотунда уланды. Бүгүнкү сотко күбө болуп, Мавляндын үстүнөн арыз жазган адам — Сокулуктун айыл өкмөтү Улан Саданбеков келди.

Негизи Мавлян Аскарбеков туура маселе көтөргөн. Эсиңиздердеби, “Дача СУда” жабыр тарткандарга эл көп акча чогулткан.  Мавлян «Ошол элден чогулган акчаны жабыр тарткандар чындап эле өздөрү алдыбы же ортодон айыл өкмөттөрү же аким, же бийликтегилер жеп кеттиби?” деген суроону көтөрүп чыгып, бийликке “ким канча берди, ким канча алды, ошонун тизмесин ачык-айкын көрсөткүлө!” деген талапты койгон. Бийликтин талылуу жерине тийген маанилүү маселени көтөрүп жибергени үчүн ага кылмыш иши козголду. Себеби, ошондон көп өтпөйбийликти басып алууга чакырык таштаган” деген айып менен УКМКда эки ай суралып жүрдү. Анан ал сурак сотко ашып, азыр Биринчи Май райондук сотто суралууда.

Келээрки соттук отуруму 9-ноябрда, саат 16:00до болот. Каалоочулар келсеңер болот. Ушундай балабызды колдобосок, кимди колдойбуз, кыргыз элим?! Чын эле жабыркагандарга ким канча бергени, жабыркагандардан ким канча алганы боюнча бийлик тарап тизме берген жок да. Бул бир. Экинчиден, “Дача СУда” кулаган учактагы кандуу жүктүн ээси ким экени билинбей жымжырт боюнча калды.  Алигүнчө аты аталбай келет. Бул маселени убагында Өмүрбек Текебаев көтөрө калам деп камакка алынып, жалган жалаа менен соттоп жиберишти. Минтип Мавлян Аскарбеков суралып жүрөт. Бу эмне деген бийлик? Ачуу чындыкты айткандарга эле кылмыш ишин козгой береби?

Ушундай эр азамат балабызды дайыма колдоп, сотунан калбай барып, Фейсбукка жазып жаткан дагы бир активдүү жаран — Адил Турдукулов. Келгиле, кыргыз элим, мындай балдарыбызды бийликке кор кылбай колдойлу!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.