Депутат Канатбек Исаевдин соту жылды

Депутат Канатбек Исаевдин соту жылды

Бүгүн, 30-октябрда, Биринчи Май райондук сотунда “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин териштирүү иши каралмак, ал 2-ноябрга жылып калды. Анын жылышына депутатты коргогон жактоочу иш менен таанышып чыгууга убакыт сураганы себеп болду.

Эскерте кетсек, Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде УКМК май айында Исаевге кылмыш ишин козгогон. Ага “Токмокто мэр болуп турганда, муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген” деген айып тагылууда. Андан сырткары, УКМК “бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек» деген шек менен кармаган. Канатбек Исаев, анын адвокаты, үй-бүлөсү коюлган айыптарды четке кагып, “негизсиз коюлган” деп айтып келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.