Исаковго тапшырма берип, Атамбаев эс алууга кетти

Исаковго тапшырма берип, Атамбаев эс алууга кетти

Бүгүн, 30-октябрдан тартып өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетти. Эс алуу  учурунда 2040-жылга чейин  туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштей турганы маалым болду. Буга чейин өзү деле айтып келген. 40-жылга чейинки маселени кое туруп, учурда көйгөй жараткан чек ара маселесинин үстүндө иштесе болмок. Өз арабасын тартып, оокат кылып жаткан карапайым элге эле кыйын болду.

«Сапарды кыйнабай, эркекче өзү барып чечсин!»

Бул маселени Сапар Исаковго дайындаганын бүгүн премьер-министр айтып чыкты. Журналист Жыргалбек Касаболотов: «булгап салган шымын «сен барып жууп кел» деп Сапарды кыйнабай, өзү барып эркекче бетме-бет олтуруп сүйлөшсүн. Мамилем жакшы деген Бабановду арачыга салып, астына салып айдап барсын. Ага духу жетпесе — бул жактан туруп баатыр болгону бир тыйын» деп айткандай, мамлекет башчысы болгондон кийин өзү барып чечкени туура. Анын үстүнө өзү тийишип алды.

«Кезектегилер Казакстандын ишкерлери»

Сапар Исаков президент чек ара маселени чечүү боюнча тапшырмаларды бергенин, оор жүк ташуучуларга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн токтом даярдалганын айтып, дароо жыйын өткөрүп, тиешелүү токтомго кол койду. Анын айтымында, чек арада жабыркагандардын басымдуу бөлүгү Казакстандын ишкерлери имиш.

«Жүк ташуучу машиналар кезек күтүп турат»

Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев «Азаттыкка» маалымат бергени боюнча, ушул тапта кыргыз-казак чегиндеги «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 460, «Чоң-Капкада» 90, Чалдыбарда 16 оор жүк ташуучу машина кезек күтүп турат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.