Рысбай ИСАКОВ, манасчы: «Атамбаев айткан каргыш эмес, хан такка отурганда айткан ант»

Рысбай ИСАКОВ, манасчы: «Атамбаев айткан каргыш эмес, хан такка отурганда айткан ант»

— Ажо Атамбаев жакында эле “Манастан” үзүндү окуп, кимдир бирөөнү каргабадыбы. Бул үзүндү кандай учурда айтылган?

— Мен негизи саясаттан алысмын. Бирок, “Манас” жөнүндө сөз болгондон кийин жооп берейин. Ажобуздун айтканы жалпы элдик намыска үндөгөн чакырык экен. Адам керт башынын куру намысын эмес, элдин ар-намысын ойлогону жөн.

Биринчиден, бул каргыш эмес. Ушинтип ант беришкен эр жигиттер. “Манаста” мындай  учурлар көп эле кездешет. Анттан кайтканда ошентип айтылат.

“Манаста” такка отурганда, хан көтөрүлгөндө айткан жерлери бар ушундай.

“Эл үчүн каруумду казык,

Канымды азык кылдым!

Элди, жерди сатканды,

Төбөсү ачык көк урсун! 

Төшү түктүү жер урсун!

Чымындай жаным учканча,

Чырчырап жаным көккө чыкканча,

Кыйырын коргойм жеримдин!

Кыргыздын жашын көргөнчө,

Кыямат өтсүн өмүрүм!” деп канга колун салып, убада кылган ырым-жырымдары болгон. Ошол учурда айтылган анттар.

Эскерте кетсек

27-октябрда, президент Атамбаев 12 өлкө жөнөткөн элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, адеттегидей ички көйгөйлөрүбүзгө орус тилинде токтолуп, кайрадан Казакстанды каарып өтүп, ЕврАзЕС өзүн актабай калгандыгын айтып келип, анан эле кыргызча белгисиз бирөөлөрдү каргап кирген:

“Мындайларды элдин каргышы урат. Аларды кудай урат. Улуу Манас дастаныбызда мындайлар жөнүндө таамай айтылган, окуп берейин:

“Элди, жерди сатканды төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Суу бүтпөгөн чөл урсун! Толкуган дайра көр урсун! Элди, жерди сатканды, ак буудайдын наны урсун! Эненин аппак сүтү урсун! Дайыма буларды кыргыз элинин, жеринин суусу, тузу, наны урсун! Кудай урсун!”,-деген ажо.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.