Султан Жумагулов маданият министри болоюн деп калды

Султан Жумагулов маданият министри болоюн деп калды

Бүгүн, 30-октябрда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин министр кызматына 4 талапкер ат салышууда. Алар: куудул Күмөндөр Абылов, президенттин аппатарынын бөлүм башчысы Элвира Сариева, драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жана журналист Султан Жумагулов. Алардын арасынан Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенип жаткан Султан Жумагуловдун талапкерлиги каралып, колдоо тапты. Мыйзам боюнча министрликке талапкерлерди премьер-министр сунуштайт.​ Демек, министр болот го деп эле турабыз.

Ат-Башынын кулуну, Таластын күйөө баласы

Талапкер жөнүндө учкай маалымат бере кетсек, Султан Жумагулов Нарын облусундагы Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылында 1959-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. Таластын күйөө баласы. Үч кыздын атасы. Жогорку билимдүү. КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Кесиби – журналист. «Ленинчил жаш», «Эркин-Тоо», «Асаба» гезиттеринде, «Би-Би-Си» радиосунда кабарчы болуп иштеген. «Азаттык» радиосунда, ЭлТР, КТРК телеканалдарын жетектеген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.