Таластагы бийликтин чагымчыл адамы тизмеден чыкканы калды

Таластагы бийликтин чагымчыл адамы тизмеден чыкканы калды

Кечээ, Талас облустук администрациянын алдында «Манас атанын урпактары, улуттук намыс» аттуу тынчтык жыйыны болуп өткөн. Ал жердеги тынчтыкты бузгусу келген бийликтин “чагымчылдары” чыкты. Чагымчылдыкты уюштургандардын бири — Талас облустук администрациясында иштеген Марат Ниязалиев болгон.

Ишеничтүү булактардын маалыматына таянсак, тынчтык митингине чейин Марат Ниязалиев мас абалында мал базарында иштеген айрым активист балдарга жолугуп: «тарап кеткиле, болбосо баарыңарды камайбыз, күч колдонобуз!» деп коркуткан. Талас элинин тынчтык жыйынына Марат мырза мас абалында келген. Элдин арасына кирип алып, айылдаш инилеринин бирин желкеден алып, сүйрөп баштаганда эл аны айланчыктап калган. Элдин сүрүнөн коркуп кетип, жанын сактап калуу үчүн бут кийимин таштай качкан. Ага карабай, аны жаш балдар кубалап жетип, кармап келишкен. Марат Ниязалиев бул кылыгы үчүн элден кечирим сурайм деп эл алдына чыккан, бирок, өтө мастыгынан улам сүйлөй албай койгон. Анын максаты атайы чыр чыгарып, мас болуп, тынч турган Талас элин жаман көрсөтүү болгон. Кудай жалгап, ал тилеги ишке ашпай калган.

Марат Ниязалиев, Бакай Садыров жана Нурбек аттуу Таластык жигиттер таластыктарды “Абыке Көбөш” деп айткан ажонун сөзүн кубаттаган. Алар Дайыр Кенекеевдин айткандарын Фейсбук баракчаларында кубаттап, таратып турушкан. Талас эли мындай жаштарды “өз жерин саткан адам эртең Кыргызстанды да сатат. Булар кыргыз элинин душманы, Таластын саткындары” деп, аларды катардан чыгарып, тизмеден чийүү маселесин көтөрүп жаткан кездери. “Эл менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” дегендей, бийликтин “кийиги” болгончо, өз элиңди, жериңди сатпай, эл менен калып, бийик болгон жакшы эмеспи, жигиттер!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.