Трамптын күйөө баласы Сауд Арабиясына эмнеге жашыруун барды?

Трамптын күйөө баласы Сауд Арабиясына эмнеге жашыруун барды?

АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жакын кеңешчиси Жерард Кушнер (президенттик администрацияда Жакынкы Чыгыш багытындагы маселелерди жетектейт) Сауд Арабиясына жашыруун барып келген. Ак үй Кушнердин Сауд Арабиясында ким менен жолукканын ачыктаган жок. Администрациянын билдирүүсүндө болгону израилдиктер менен палестиндиктердин тынчтыкка жетишүүсүнө көмөктөшүү боюнча президенттин аракеттери гана белгиленген. Ошол эле маалда Кошмо Штаттар бул жараянда ортомчу гана болуп, өз дипломатиясы менен тараптар ортосундагы түз сүйлөшүүлөргө аралашууга ниеттенбегени айтылган.

Жерард Кушнер Сауд Арабиясына ушуну менен үчүнчү жолу барды. Буга чейинки августтагы сапарынын жүрүшүндө ал Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.