132 жаштагы Айша апа

132 жаштагы Айша апа

Бир кылымдан ашык жашаган, 132 жаштагы Атабаева Айша апа Ош облусунун Алай районундагы Правда айылында 1885-жылы туулган. 1905-жылы Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылына турмушка чыккан. Жолдошу экөө 6 балалуу болуп, тарбиялашкан. Айша апанын 30 небереси, 40 чөбөрөсү, 8 кыбырасы бар. Баскан-турганы тың, акыл-эси тунук апа чөбөрөлөрүнө, кыбыраларына акыл-насаатын айтып, батасын берип, кичүү баласынын төрүндө келиндеринин колунан чай ичип олтурат. Айша апа, арыбаңыз, карыбаңыз, бар болуңуз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.