Данияр БУСУРМАНАЛЫ: “Ким Көбөш же Көбөштүн тукуму?”

Данияр БУСУРМАНАЛЫ: “Ким Көбөш же Көбөштүн тукуму?”

Биздин почтабызга окурмандардан кат келүүдө. Анын бири – Данияр Бусурманалы. “Президентке ачык кат” деп жазыптыр. Анда эмесе, ага көңүл буралы!

“Президент Алмазбек мырза! Сиз оппозицияда жүргөндө: “айланып кетейин кыргыз элим, айланайындар” деген сөз түшчү эмес! Инауграцияда Роза Отунбаеванын колунан мандат алгандагы биринчи кыргыз элине болгон кайрылууңуз, “мындан кийин кыргызстандыктар болобуз” дегенсиз. Анан эле сөздөрүңүз башкача башталды: “Кыргыздар ушакчы, кыргыздар мал, кыргыздар эл болбойт, манкурттар!” деп. Баса, “кыргыздар ушакчы” дегениңизди кечээ күнкү президенттик шайлоодо кээ бир кыргыздар далилдеп кетишти. СДПК талапкерине каршы, негизги оппонент болуп чыккан “Өмүрбек Бабановдун энеси күрд, Кыргызстан Күрдүстан болот” дегенге чейин барышты. Кезинде сизден тегиңизди Кубат Оторбаев сураган. Анда сиз: “кээ бир уламыш боюнча Таластанмын, кээ бир уламыш боюнча Түштүктөнмүн” деп айтып, өзүңүздүн тегиңизди билбегендей эле түр калтыргансыз.

Президент Алмазбек мырза! Сиз бир облуска барсаңыз, ал жерден бир облусту жамандап, бир райондун элин башка районду тукуруп кетесиз. Мисал келтире кетейин. Жакынкы жылдары эле, Таластын бир районуна барып, “бул жакты эмне Көзкамандын урпагы башкарабы?” деп айтып, тукуруп кеткенсиз! Ушул жерден Көзкаман менен Көбөштүн эпостогу образдарына токтоло кетели. Кытайлар Таластагы кыргыздардын ордосун чабып кыргыздарды жана Ороздунун урпактарын бирин эренге, бирин тереңге, бирин каңгайга таратат. Көзкаман кытайлашып кеткен, тегин жоготкон Ороздунун бир уулунун урпагы. Көзкаман кийин келип, Манас атабызды ууландырганга аракет кылган. “Көзкаман” деген терминди көп колдончусуз. Көбөш Манас атабыздын аталаш бир тууганы. Манас атабыз шейит кеткенде, “ордону башкарам, Каныкейди Абыкеге алып берем” деп ордону чабат!

Сиз жакында эле Путин келгенде, “эки жолку ыңкылаптын автору менмин” деп мактангансыз! Ошондо ким Көбөш же Көбөштүн урпагы?

Сиздин кантип президент болгонуңузду да кыргыз эли унута элек! Сиздин Өкмөт башы, кийин президент болушуңуздун бирден бир себепкери Отунбаева менен Бабанов болгон. Алты жыл мурун таластыктыр сизди шайлаган, анын бири менмин, шайлоочуңузмун. Кечээгини бүгүн унутуп, Талас элин “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деп отурасыз. “Бул сөзүңүз үчүн кечирим сураңыз” деп Талас эли талап кылууда. Туура, талап кылабыз! Кечирим сураңыз!”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.