Кыргыз аялды сабаган түрк полициясынын соту болот (Видео)

Кыргыз аялды сабаган түрк полициясынын соту болот (Видео)

Бул тууралуу RusTurkey.com маалымат булагы жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, көчөдөн кыргыз мигрант аялды сабаган түрк полициясынын соттук отуруму 9-ноябрда башталат. Учурда териштирүү иши жүрүп жатат. “Кызмат абалынан пайдалануу” беренеси менен иш сотко ашкан. Сотто 1,5 — 4,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, бул окуя 4-октябрда Аланье шаарында болгон. Эки полиция кызматкери мигрант аялды көчөдөн колунан сүйрөп, буттары менен тээп, дубинка менен чапканы тасмага тартылган видео тарап, катуу талкууга алынган. Бул окуя боюнча жергиликтүү прокуратура иш козгоп, полиция кызматкери кызматтан кетирилген. Ал эми мигрант аял ооруканага жеткирилген. (Видео)

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.