Масалиев Атамбаевдин жарлыгына каршы чыкты

Масалиев Атамбаевдин жарлыгына каршы чыкты

Ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” катары майрамдоо тууралуу Атамбаевдин жарлыгы жакында эле жарыяланып, Жогорку Кеӊешке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган. Бүгүн ЖКнын Реламенти боюнча комитети карап, токтомдун долбоорун жактырды. Бул долбоорго депутат Исхак Масалиев каршы чыкты. «7-ноябрды Октябрь революциясынын күнү катары калтыруу керек. Бул боюнча атайын мыйзам кабыл алынган да. Токтом менен мыйзамды кантип жокко чыгарабыз? Техникалык жактан да туура болбой калат», — деди Исхак Абсаматович. Масалиевдин мындай пикирин Алмамбет Шыкмаматов колдоду.

Масалиевге депутат Иса Өмүркулов мындай деп жооп берди: “Октябрь революциясынын күнү кала берет, аны эч ким жокко чыгарган жок. Кеп ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө болуп жатат. Мында жалпы улуттун жалпы тарыхы, 1916-жылдагы Үркүн менен 1937-жылдагы кандуу репрессиянын курмандыктары камтылган», — деди.

Атамбаевдин ушул жарлыгынан улам Орусиядагы мигрант айдоочуларыбыздын иши жабыркап жатат да.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.