Орусияда мигрант айдоочуларыбыздын тагдыры кандай болууда?

Орусияда мигрант айдоочуларыбыздын тагдыры кандай болууда?

Кыргызстандык мигранттарыбыздын айдоочулук күбөлүгү көңүл борборунда турат. Ал жакта жашап, иштеп жаткан бир туугандарыбыз бар. Алар мындай саясатка түшүнбөй: “эмне болуп кетти? Президент Атамбаев Путинге бир нерсе дедиби?” деп сурашууда. Себеби, Орусиядагы полициялар кыргыздарды тыкаттык менен текшере башташыптыр.

Эми башкы маселеге келсек, учурда улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору Орусиянын Мамдумасына киргизилип, бул маселени орус депутаттары кароодо. Алар Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна, Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө чечимине нааразы болушууда.

Бул маселе качан башталды?

Президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыкка кол койгондон кийин башталган. Ошондон кийин Орусия либерал-демократтар партиясынан Мамлекеттик Думанын вице-спикери И. Лебедев бул маселени көтөрүп чыгып, ММКларга Кыргызстандын мындай жарлыгына нааразычылыгын билдирген. Атамбаевдин президентинин апаратынын маалыматтык саясат бөлүмү аларды текстти кунт коюп окууга чакырган. “Жарлыктын преамбуласында бул жөнүндө так жазылган.  И. Лебедев мырзанын чагылгандай тез реакциясы ал бул текстти кунт коюп окуганга жетишпесе керек деп божомолдоого мүмкүндүк берет. Эми болсо да окуп чыгууну ага кеңеш беребиз. Ага кошумча Россия Федералдык архив агентчилиги чыгарган «Россия и Киргизия. 1916-2016. Вехи совместной истории» деген архив документтеринин жыйнагы менен да таанышууну сунуш кылабыз. Ошондо ал бул темада кызыл кулактык кылуу, бул үчүн эмгек мигранттарын кектөө такыр эле адептүүлүккө жатпасын жана суверендүү мамлекетке карата мындай мамиле жасоого болбой турганын түшүнөт”,- деген жооп айтышкан.

Ал эми ажо Атамбаев болсо, кечээги күндөн баштап эс алууга кетти.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.