Тамеки чегүүдөн сарай күйүп кеткен

Тамеки чегүүдөн сарай күйүп кеткен

Бул тууралуу ӨКМ Басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, бүгүн Чүй облусунун Ысык Ата районунуна караштуу Кант шаарынын Токтогул көчөсүндөгү №8 а үйүнүн №3 батиринин сарайынын чатыры күйгөн. Чатыр жыгач устунга ашталып шифер менен жабылган. Сарайдын 20 чарчы метр чатыр, 1 жыгач эшик, 2 жыгач терезе күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби — тамеки тартуудагы этиятсыздык болгон.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.