Уксус ичип каза болгон келиндин күйөөсү камакка алынды

Уксус ичип каза болгон келиндин күйөөсү камакка алынды

Бул тууралуу ИИБ билдирди. Алардын маалыматына караганда, уксус ичип каза болгон келиндин 31 жаштагы күйөөсү шектүү делип Баткенде кармалган. Ага карата Кылмыш кодексинин “өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирүү” беренесинин негизинде иш козголуп, 2 айга тергөө абагына камалды.

Эскерте кетсек, бул окуя 27-октябрда Кадамжайда болгон. Үй-бүлө чыр-чатагынан кийин, келин уксус ичип алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, өтө кеч болуп калгандыктан, анын өмүрүн доктурлар сактап кала алышкан эмес. Маркум келин 20 гана жашта болчу.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.