Өз өмүрүнө кол салган мугалим ооруканада

Өз өмүрүнө кол салган мугалим ооруканада

Бул тууралуу мектептин директорунун орун басары Үпөл Сапарбаева “24 kg” сайтына билдирген. Анын айтымында, № 32 мектептин 9-классынын окуучусунун окуудан чыгарылышы боюнча чырдан кийин мугалим өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Учурда ал ооруканада.

Үпөл Сапарбаева мугалимге мүнөздөмө берип, окуя боюнча мындай деген: «Кыргыз тил жана адабият сабагынын мугалими, 38 жылдык тажрыйбасы бар. Буга чейин эч ким менен чатакташкан эмес. Мектепте чогулуш болгон күнү баланын классташтары мугалимдин үйүнө келип, баланын кайда экенин сурап, дарбазасын тепкилеген. Мугалим тынчсызданып, түнү бою уктабай чыгыптыр. Ага айтылган айыптоолор жана интернеттеги маалыматтардан кийин, «эми кантип жашайм?» деп өзүн-өзү өлтүрүү аракетин жасаптыр. Ага эки жолу тез жардам чакырылыптыр”.

Мугалимдер менен апасынын айтымы эки башка чыгууда…

Эскерте кетсек, аталган мектепте 26-октябрда чогулуш өтүп, 9-класстын окуучусу мектептен чыгарылган. Алардын айтымында, бала сабакка жетишпей, жүрүм-туруму начар болгондуктан мектептен четтетилген. Ал эми апасынын айтымында, мектепке төгө турган акчаны убагында төлөй албай калышкандыктан, мугалимдердин кысымы баласын чүнчүтүп жиберген.

Окуучу жоголуп, табылган

Мектептен чыгып калгандан кийин окуучу үйүнө барбай, жоголуп кеткен. Баласын жоготуп алган эне укук коргоо органдарына кайрылган. Үч күндөн кийин бала үйүнө кайтып келген. Апасынын билдирүүсүндө, ал мектептен чыккандан кийин уялып келбей койгон. Эки күн медреседе, бир күн үйдүн чатырында түнөгөнүн апасына айтып берген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.