Адахан МАДУМАРОВ: «Кыргыз-казак ортосуна калмак салалбаган кастыкты ким салды?»

Адахан МАДУМАРОВ: «Кыргыз-казак ортосуна калмак салалбаган кастыкты ким салды?»

Ушундай аталышта Адахан Кимсанбаевич «Элньюс» сайтына маек куруп бериптир. Анда кыргыз-казак чек арасындагы абал, Атамбаевдин жолун улантууну убадалап жаткан Жээнбеков жана башка орчундуу маселелер боюнча оюн ортого салыптыр. 

“Элньюс”: — Адахан мырза, 30-октябрда БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялады. Сиз буга чейин Боршайкомго добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялаганда эле жүз миңдеген эмгек мигранттарынын укуктары бузулганына байланыштуу шайлоо жыйынтыгын тааныбастыгыңызды билдирген элеңиз. Андан бери пикириңиз өзгөрүп кеткен жокпу?  БШКнын расмий жарыялоосун кандай кабыл алдыңыз?

А.Мадумаров: — Менин биринчи берген баам өзгөрбөйт. Ал тарыхта ошентип калат. Мен эмне себептен тааныбагындыгымды айтканмын. Ал бааны түшүнүү күндөн күнгө күчөйт. Азыр мына, анча-мынча ак-караны таанып калган азаматтардын баары эле айта башташты. Бул айтыла берет.

Бул алты жыл бою мына ушул бийликтин маңдайына илинген Шералынын чокоюндай болуп тура берет. Бул деген  “биз сени президент кылганбыз, кандай күч менен жан үрөгөнүбүздү билип жүр!” деген сөз. Бул азыркы кетип аткан бийликтин жана келип аткан бийликтин бетиндеги кара көө. Бул жуулбайт. Калат.

“Тааныбаймын” дегенди жеке өзүмдүн ич күйдүлүгүм же саясий конъюнктурадан улам айтканым жок. Өзүңүз айткандай, жүз миңдеген, жүз миңдеген адамдардын Жараткан берген укуктары тебеленгени үчүн тааныбаймын дегенмин. Бул биринчи себеп. Ал сыртта жүрүп добуш бере албай калгандарга эле тиешелүү эмес, ал бул жерде жүрүп тизмеден өзүн таппай калгандарга, тизмеден өзүн таап,  добуш берүүгө келгенде “сен добуш берипсиң” деп, добуш бердиртпей койгондорго да тийешелүү нерсе. Мындай нерселер көбүнчө Улуттук университетте жана башка жогорку окуу жайларда өкүм сүрдү.

Экинчиден, 340 миңден ашуун адам “Форма-2” дегенге тартылды. “Форма-2” деген эмне?

“Элньюс”:  Кээ бир жарандарга 2 миң сомдон беребиз, паспортуңарды алып келгиле деп жүрүштү…

А.Мадумаров: — Баракелде! Жаңы паспортторду ошондо бекер берип жатышты. Эми азыр “биз бекер паспорт берип аябай чоң чыгымга учурадык” деп жаңы паспорт берүүнүн баасын көтөрүп жатышат. Бул чайкоочулук. Мына ушундай көч уланат эми…

“Элньюс”:— БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялаган күнү шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун интервьюсу да сүйлөшүп алгандай жарыяланды. Жээнбеков анда “Атамбаевдин жолун улантам” деп айтыптыр. Бул интервьюга кандай баа бересиз?

А.Мадумаров:Биринчиден, бул Жээнбековдун өзүнүн интервьюсу эмес. Бул көнүмүш адат боюнча бараткан штабдын берген жооптору. Анткени мен ал кишинин сүйлөй турган сөздөрүн, сөз куржунун, сөз байлыгын, сүйлөө маданиятын жакшы билем. Ал интервьюда айтылган сөздөрдү колдонбойт. Интервьюда айтылган “тутум” деген сөздү үч жолу сурасаңыз, ал эмне деп үч жолу кайра сизден сурайт. Көнгөн адат боюнча штаб жоопторду даярдап берди. Ушул көнүмүш адат менен өлкөнү алты жыл ошол штаб башкарбайбы деп корком. Алар Сокеден сурап деле койбойт. Ал кишинин отурган сөлөкөтү гана керек. Калган иштин баарын бери жактагы бүтүрүүчүлөр бүтүрө берет. Тилекке каршы ушундай.

Экинчиден, эгерде ал киши сөзүндө тура турган болсо, “биринчи кадамды коррупцияга каршы күрөштөн баштаймын” деген. Кайсы бир жолду улантам деген эмес. “Конкреттүү бир кишиден баштаймын” деген. Эми биринчи кадам башкача болуп, өзгөрүп кеткен болсо баракелде деш керек. Ошон үчүн айтып атам, бул интервьюну өзү берген жок деп.

Үчүнчүдөн, бул көч кандай көч экенин ал өзү да түшүнбөйт. Мен азыр бир аябагандай узун, он чакырымдан узакка созулган көчтү көрүп турам. Кыргызстан-Казакстан чек арасында турат ал көч. Ак-Жолдо бир көч, Ак-Тилекте бир көч турат.

“Элньюс”:Тилекке каршы, интервьюда ал көч жөнүндө таптакыр сөз болгон эмес. Бул аны чечүүнүн жолун билбегендикпи же маселеден качуубу?

А.Мадумаров:  Ошон үчүн айтып жатам, бул интервьюну жөн эле жасап коюшкан деп. Суроо берип жаткан жигит да эмне болуп, кайдан суроо берип жатканын билбейт. Болбосо биринчи суроо кылып ушул маселени коюш керек эле! Мына он чакырымдан узакка созулган бир кербен турат. Ошол кербен ичинде кыргыз дыйкандарынын алты ай саратан ичи жерди тытып тапкандары күйүп атат, чирип атат, ирип атат. Ошону чечүү үчүн кандай кадам жасайсыз деген суроо берилип, мына ошол күйүп жаткан нерсе бүгүнкү күндүн биринчи маселеси болуш керек эле. Анткени ал жерде жүз, жүз миллиондогон каражат ойрондолуп, кыргыздын мыкты жигиттеринин мээнети күйүп жатат. Алардын кээ бирлери үстөк пайызы очойгон насыя алып, ошону төлөймүн деп жүргөндөр. Бул бир. Экинчиден, ошол күйүп жаткан товар, продукцияларда жаш наристелердин ырыскысы күйүп жатат. Ошолорду көрүп туруп, ошолорду чечем дегендин ордуна “тиги кишинин жолун улантам” деген — бул караңгылыктын туу чокусу. Бул сезимсиздик. Бул аларга жүрөгүм оорубайт деген сөз. Мага баары бир деген сөз.

Тиги досу го дагы 20 күн отуруп турса, анан кетет эле биротоло… 20 күн калганда “эс алууга кеттим, өргүүгө кеттим” деп чыкты. Айланайын, ушунча жарандарың кыйналып турганда кантип эс аласың сен!

“Элньюс”:  2040-жылга чейин кам көрүп, стратегия жазат дешти го?

А.Мадумаров: — Ой, тобо! 40 жылдык эмес, төрт күндүк камыңды көрүп алчы. Кантип эс алат? Кантип дем алат? Кантип тамагынан тамак өтөт да, кантип уктайт? Мусулманчылыкта падышанын карамагындагы бардык адилетсиздиктерге падыша жооп берет. Жооп бере турган күндөр келет. Кыргыз ушунчалык чыдамдуу эл экенбиз.

“Элньюс”:  Жолдо кербен болуп тургандардан сырткары талаада канча мээнет калды. Анткени жол тосулду дегенден кийин дыйкандар өстүргөнүн чыгарбай отуруп калды да…

А.Мадумаров:— Мына азыр Новосибирскиден кыргыз дыйкандары алып барган алма кайтарылды. Орусиянын башка жерлеринен башка жашылча-жемиштер кайтарылып жатат. Казакстанга сүт азыктарын экспорттогон ишканаларга жол жабылды. Бул чыгашалардын баарын эсептеп чыксаң мультимиллионердин акчасы жетпейт. Бул аз келгенсип, кыргыздын ырысына көмөк катары келип жаткан 100 млн. доллардан баш тартышты. Ал акча эмне алардын чөнтөгүн тээп жаттыбы? Ошол жаш балдардын, дыйкандардын, кыргыз элинин ырысына ырыс кошо турган каражат болчу.

“Элньюс”:Ал каражатка ветеринардык, фитосанитардык жабдуулар алып келинмек эле да?

А.Мадумаров: — Жабдуулар алып келинмек, ошол фитосанитардык, ветеринардык текшерүүчү жерлердин инфраструктурасы жаңыртылат эле. Эл аралык стандарттарга туура келген сертификаттар алына турган жерлер болот эле. Ошону да тебишти. Талкалашты. Жок кылышты. Бул бүтүндөй элдин ырысын тепкен душмандык. Атайын жасалып жаткан душмандык.

Бул Жараткан Аллах гана ажырата албаса, башкасы ажырата албаган “Манаста” айтылган кыргыз менен казактын биримдигин калмактар да ажырата алган эмес. Муну ким жасашы мүмкүн. Демек, ал мезгилдегиден да өткөн душман жасашы мүмкүн. Азыр аны кимдер жасап жатканы түшүнүктүү. Белгилүү. Мына ошол кыргыз деп күйгөн бардык азаматтарды “чыккынчы” деп, өзүнөн башка мекен сүйөр киши жоктой албууттанып сүйлөшү бул элдин көзүнө чачкан чаң. Кыргыз деген нукура күйгөндөрдү жабыркатып жатат. Катуу жабыркатып жатат. Бул деген бүтүндөй улуттун тамырына балта чабуу. Тилекке каршы, ушул жол менен баратат. Көпчүлүк эл муну түшүнбөй атат. Илгертен маңыроо элбиз… Мына ошол балта чаап аткандарды, тескерисинче, колдоп кээ бир азаматтар жүрөт. Бул жакшылыкка алып барбай турган жол. Эми ушулардын жолун, көчүн токтотуш керек. Азыр бардык күчтү ушуга жумшаш керек.

“Элньюс”:Аны токтотуу үчүн “Макул эмесмин” дегендерди бириктирүү демилгесин көтөргөн элеңиз, ал демилге эмне болуп жатат?

А.Мадумаров:— Ал жараян жүрүп жатат. Тилекке каршы, “көсөөнүн акылы түштөн кийин кирет” дегендей, мен шайлоонун алдында айткандарды азыр “туура экен, убагында түшүнбөптүрбүз, эми кечигип калдык” деп сандарын, алакандарын чаап жатышат. Кийинки шайлоого чейин дагы ушундай болот дагы, андан соң аттиң, аттиң деп калышат. Биз оңолбодук, тарыхтан сабак албадык.

Бириктирүү боюнча биринчи кадамдарды таштап жатабыз. Аябай кубандыра турган жагдай, орто, жогору муундарга караганда жаштар аябай колдоп атат. Миңдеген-миңдеген жаштар өздөрүнүн үнүн кошуп атат. Менин үмүт отум ушунчалык жанып, шайлоонун алдына караганда азыркы үмүт отум аябай күчөп атат. Кудайга чексиз шүгүрлөр айтышыбыз керек. Биздин жаштардын аң-сезими башкача болуп, өзгөрүп жатат. Өзгөчө 15-октябрдан кийин кыргыз кыз-жигиттеринин көз карашы аябай өзгөрдү. Мекен сүйүү сезими аябай күчөдү. Мен үмүттү мына ошол жаштарга артып келатам. Буюрса келечек жаштардыкы!

“Элньюс”:Адахан мырза, Казакстан менен мамиле аябай туңгуюк абалда турат. Бирок ошондой эле бир жактуу эмес жышаан Орусия менен да байкалууда. Биринчиден, президент Атамбаев Назарбаевдин дарегине акаарат сөздөрүн айтканда, силер 1916-жылы көтөрүлүш мезгилиндеги курмандыктарды эскерүүгө жарабадыңар, жүрөгүңөр болсо ошону белгилеп албайт белеңер дегендей сөз айткан. Анан 6-7-ноябрды ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыялоо Жарлыгына кол койду. Ал Үркүндүн 100 жылдыгын белгилеген мезгилге тушташ болду. Орусиядагы кээ бир саясий күчтөрдөн ага тескери реакция жасалды. Маселен, Кремлдин оюндагысын ачык айтып чыгат делген ЛДПР партиясы тескери кабыл алды. Мына ушул жерде эмне болуп жатат? Орус тарап чын эле туура эмес түшүнүп жатабы же башка нерсе барбы?

А.Мадумаров:— Бул оор маселе. Туура айттыңыз, Лебедевдин (ЛДПР фракциясынын өкүлү, Жириновскийдин уулу) үнү менен же ошол партия аркылуу расмий көз караштар билдирилип калат. Эгерде биздин кыргыз жарандарынын айдоо күбөлүктөрү Орусияда жаратылбай калса, ал биздин жарандарга аябагандай катуу сокку болуп калат. Анткени ал тарапка жүк ташып жүргөндөр, Орусиянын ичинде коомдук транспортто, таксиде иштеген миңдеген жарандарыбыз жумушунан ажырайт. Бул тукум курутуучулукка тете саясат. Себеби адамдарды муунтуп же башка жол менен өлтүрбөгөн менен эчендеген адамдарды психикалык жактан жабыркоого алып барып жатат.

Өз элинде, жеринде иштейин десе жумуш жок болуп, башка жактан жумуш таап иштеп жатса, ал жактагы ырыскысына балта чаап, кедергисин, залалын тийгизген душмандык, карөзгөйлүктү жасоо кыйын. Мунун баарын көтөргөн аябай чыдамкай эл экенбиз. Бул бир жагы. Экинчи жагы, кечээ күнү “Дордойдун” кесиптик кошунунун төрайымы базарда баары жабылып жатканын жарыя кылды. Эгер базарлар жабылса, анда кыргыз тигүүчү кыз-келиндери да тегиз жумушсуз калды. Ойлонулбаган бир желооздук бүтүндөй улуттун ырысына сокку урду.

Эми “ата-бабаларды эскерүү” дегенде мындай бир эки жагыңды карашың керек да. Биз кыргыз мусулман баласы ата-бабаларыбызды 365 күн  24 саат бою тынымсыз эстешибиз керек. Ата-бабаңды жылына бир жолу эстейсиңби? Башка элдерде бар ошондой жылда бир эстеген. Ошолордун осуятын жактап атышат. Бир күн гана ата-бабаларды эстейт экенбиз. Бул, “эмне болсо ошол болсун, мен өзүмдүн оюмдагыны жасаймын” деген кежирликтен чыккан Жарлык. Илгери Рим империясында мына ушундайлар болгон.

Улуу Октябрь революциясы жалгыз эле кыргыз эмес, бүтүндөй адамзатына таасирин тийгизген тарыхый окуя. Бул тарыхый окуядан кыргыз улуту, биз пайдадан башка, зыян көргөн жокпуз. Биз аябай чоң пайда көрдүк. Эми ошого кара өзгөйлүк кылып, таш ыргытып, унутуп калыш жакшылык эмес, адамгерчилик эмес. Муну Жогорку Кеңеш токтотуп койгону оң.

“Элньюс”:  “Kloop.kg” сайты шайлоо боюнча аябагандай шумдуктуу фактыларды иликтеп жарыялады. Мамлекеттик каттоо кызматынын сервериндеги маалыматтарды менчик Samara.kg сайты шайлоого колдонгону чыкты. Мына ошолордун эмнеден кабар берет? Же мурда айтканыңыздай президенттерди компьютер эле шайлап коюп жатабы?

А.Мадумаров: — Мына бир талапкер сотко берди. Аны сотко бердиртишти. “Сен сотко бергин” деп, убакытты алып жатышат. Ал убакыт эмнеге керек болуп жатат? Ал БШК менен Акүйгө башында жарыяланган сандарга баарын тегиздеп, жеткириш үчүн керек болуп жатат. Ичтеги бардык былыктарын тазалап, керектүү сандарды киргизип, жарыялоо үчүн убакыт керек болду. Ал убакытты табыш үчүн алар менен ар дайым кызматташып жүргөн бир адамды таап, аны сотко бердиртиш керек болду. Ал жасалды. Анан сот карап жатат, биз жыйынтык чыгара албайбыз деп, күн-түн отуруп алып тууралап чыгыш керек болду. Көпчүлүк калк муну түшүнбөйт. Ошондуктан бул жерде арамдык абдан чоң. БШКнын расмий жарыялаганы боюнча, бизде 3 млн. 14 миң 434 шайлоочу бар экен. Шайлоого 1 млн. 697 миң 868 киши катышыптыр. Демек, бул тизмедегилердин 56.34 % түзөт. Ошончосу келди дагы анын ичинен  920 миң 620 киши Жээнбековго добуш бериптир. Ошону менен 54.22 % болуптур. 920 миң киши жалпы шайлоочулардын 32 %  болот экен. 32 % шайлоочу менен президент болуп шайланды. Бул баягы 320 миң “Форма-2ни” кошкондо. 15 % чү дегенде эсептеп алганды кошуп эсептегенде ушунча болуп жатат. Демек, канчалык айландырбасын шайлоочулардын 30 % добуш берип, 70 % каршы болуп жатат. Бул кандай коом болот?

2-орунду алган адамдын добушун да жасалма көтөрүштү. Анткени 3-орундагы кишиге абдан катуу сокку уралы деген ойдо болушту. Эмне үчүн экинчи орундагынын добушун көбөйтүштү? Эки облуста жеңишке жетишкен киши “административдик ресурсту колдонду” деп  жатат, мына ошону калп деш үчүн ага барышты. Ошон үчүн алар эки облустан жасалма көтөрүштү. Чындыкка жакын кылып коелу дешти. Эми ашып баратса 50-60 миң добуш экен деп, жасалма түрдө көтөрүштү. Бул жерде добуштун баары Мадумаровдон уурдалып, ага каршы жасалды. Мына Россияда “Мадумаровго добуш бергени келдик” дегендердин бирөөн да добуш берүүгө киргизишкен жок. “Жээнбековго дегениңер киргиле, башкаларга берчүлөр да киргиле, тек Мадумаровго дегендер кирбегиле!”,- дешти.

“Элньюс”:Элдин көйгөйү болуп турган нерсе бул кыргыз-казак чек арасындагы абал. Сиз маселени чечүүнүн кандай жолун көрүп турасыз?

А.Мадумаров: — Эгерде Нурсултан Абишевичтин ордунда башка киши болсо, мисалы, мен болсом да мен да ошону жасамакмын. Билесизби неге? Башка мамлекеттин жараны менин мамлекетиме акараат келтирсе, менин мамлекетимди мазактаса, улуттук намысыма тийсе… Аларды кандай хандар башкарып келген, кимдер башкарып келген деп, менин мамлекетимдин, элимдин дарегине ушундай жаман сөздөрдү айтса, ким болсо ошол болсун мен дагы ошондой чараларды көрмөкмүн. Бул жерде казак элине, же Нурсултан Абишевичке таарынганга кымындай да себеп жок. Намысы бар экен, ариети бар экен реакция жасап жатат. Бирок, тилекке каршы, анын азабын карапайым калк тартып жатат. Ушул жагы мени катуу өкүндүрөт.

Мен өткөндө да айткан элем: “Нурсултан Абишевич, элдин арасында ар кандайы болот, кой аксагы менен миң, чоң айкөлдүктү көрсөтүп, өзүңүз айткандай, жетекчи болуш үчүн пилдин терисиндей тери болуш керек дегендей, биздин балдардын, ымыркайлардын ырыскылары кыйылып жатканын көрүп туруп, ушуга кайдыгер мамиле жасабасаңыз! Ушуга туура түшүнүү менен мамиле жасап койсоңуз. Айткан киши азабын өзү тартса жакшы болмок, эл тартып жатат” деп кайрылдым эле. Дагы кайрылып атам.

Эки элдин ортосунда мамилени калыбына келтирүү үчүн башка жолдорду да карашыбыз керек. Элдик дипломатия деген бар. Аны колдонушубуз керек. Тилекке каршы, кыргызда интеллигенция калган жок. Көбү күн карама, кол карама. Керемет-керемет инсандарыбыздын көзү өтүп кетти. Бир маселени чечип кое турган аксакалыбыздын жоктугунун кесепети болуп жатат.

Бирок уучубуз кур эмес. Ушул кыргыз интеллигенциясынын башында туруп, кайрылуу жасай ала турган бир инсаныбыз бар. Болот Шамшиев агабыз бар. Болот агабызга казак интеллигенциясы, казак кино тармагы, бүтүндөй казак коомчулугу чоң сый-урмат менен мамиле жасаган киши.

Мына Самара Токтакунова эжекебиз, кыргыз-казакка ортоктош болгон керемет аксакалдардан. Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова эжекелерибиз менен чогуу кайрылып, кыргыз элинин атынан барып келишсе жакшы болмок.

“ЭЛНЬЮС” сайты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.