Олжобай ШАКИР: “Өзүңдү өзүң кордотууга татыктуу элсиңби, кыргыз?!” 

Олжобай ШАКИР: “Өзүңдү өзүң кордотууга татыктуу элсиңби, кыргыз?!” 

Акын, котормочу, журналист Олжобай Шакир өзүнүн “РухЭш” сайтына ушундай аталышта макала жарыялады. Чыркыраган ачуу чындык жазылган. Келгиле, чогуу угалы, окурман!

“Шоруң качан арылат?! Эки мерте бунт чыгарып, мамлекеттик төңкөрүш жасап не таптың, кыргыз? Биринен бири өткөн зулумдардан кутулабыз деп кырчындай эр-азаматтардын каны төгүлдү, бирок бакиевдердин кандуу бийлик орнотушуна арка бел болуп жүргөндөр айланып келип бүгүн кайра Кыргыз Мамлекетин башкарып отурушат! Каш кагып каяша айттырбас өкүм-зордук саясаты күчөгөндөн күчөгөн бүгүнкү бийлик А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да режиминен ашынып кеткени ушул: «Менин саясатым жакпаса, башка жактан орун издей бергиле!» дегенди эл башынын оозунан угам деп күттүң беле, кыргыз?!

Ансыз да тентип-азып миллиондон ашуун мекендештерибиз дүйнөнүн төрт тарабына самсып кеткени кимге аз көрүнүп атты экен?! Өз мекенинен чекеси жылыбыган миңдеген мекендештерибиз бүгүн Россия, Казакстанды кой, Африка өлкөлөрүнө чейин жыргаганынан тентип кетти беле?!

Ачуусу ала качма өлкө президентинин оозунан акылга сыйбас кептер айтылганына бышы кулак болгусу келбеген таластыктарда гана ар-намыс бийик экен. Бали! Мамлекеттин эң жогорку даражалуу «Эл баатыры», «Манас» ордени, «Даңк» медалын төшүнө тагынып отурган «ардактуу» аксакалдарга караганда Таластын карапайым калкына таазим! Азуусуз ажыдаарга айланып бараткан бийликти алдастатаар айбат кылганга жарады…

Мындайда аттуу-баштуу ардактуу аксакалдар үн катса жарашпайт беле, аттиң! Макул, алар АШАга айбаттуу каяша айтпасын, тек, кара кылды как жарып калыс кеп айтар жерде эле го! Өз элин Абыке, Көбөштүн тукуму деп басынтар кепти айткан киши кимдин тукуму да, таластыктар кимдин тукуму?! Абыке, Көбөштөй бузукулук жосунду кимиси баштады?..

Акылман кары Бакайдай болуп Кыргыз Эл баатыры деген Бексултан Жакиев авабыз Абыке, Көбөштүн жайын не айтпайт?! Таластан чыккан Байдылда Сарногоев атындагы төш белги жана III даражадагы «Манас» ордени көөдөнүнө кадалган эл акыныбыз Шайлообек Дүйшеев агабыз неге жалтактап отуру? Таластык жердештерин Абыке-Көбөштүн тукумуна теңеген ажонун кебине арданбаган акын агабыз Анатай Өмүрканов кылчактай турчу жерде беле?!

Бул үч аксакалдын атын эмнеге атаган себебим, ушул жерден окурман назарына сала кетер жагдай болуп туру. Кыргыздын МЕН деген аттуу-баштуулары Аскар Акаевдин саясый режими күчүнө келип турганда «Жетимен» фонду болуп бекер түзүлгөн эмес эле. Караламан калкты каакым ордуна көрбөгөн Акаев бийлигине каяша айтып турмакка «Жетимен» фонду түзүлгөнү маалым. Эмнеге ЖетиМен дээрсиз? Мен дээр үнү бар, көкүрөгүндө МЕНДИК сезими ойгоо жети адамдан турган (ЖетиМен, СемьЯ) ачкычтуу сөздүн негизинде «Жетимен» фонду негизделип, кыргыздын кашкөйү, улуу акыны Байдылда Сарногоев атындагы эларалык наам уюшулган. Аталган фонддун максаты Б.Сарногоев атындагы ыйык наамды оңду-солду таратуу үчүн эмес, бийликке жагынбаган, кайсы бир саясый топко жан тартпаган граждандык позицияны бекем тутунган акындарга гана ыйгаруу тууралуу атайы Жобо түзүлүп, ошол критерийдин негизинде эң алгачкы лауреаттары Шайлообек Дүйшеев менен Тургунбек Бекболотов болгону белгилүү. Бул наамдын лауреаттары кийин Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урманбетов, Төлөгөн Мамеев, Сагын Акматбековага ыйгарылганын билебиз.

Б.Сарногоев атындагы сыйлыкты ыйгаруу тууралуу мындан үч жыл мурда сыйлыкты тапшыруу комиссиясынын төрагасы Шайлообек Дүйшеев «Сыйлык кандай критерий менен берилет?« деген журналисттин суроосуна Шакебиздин жообу мындай болгон эле: «…журт намысын көтөрүп, бийликке кошомат кылбастан, кара кылды как жарып чыркыраган чындык үчүн тайманбаган акындарга» (Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым”,10.12.2010-ж.) ыйгарыларылат деген принцип бүгүн жогоруда аты аталган лауреаттардын кимисинин көкүрөгүндө ойгонду?! Кимиси үн катты?

Башкасы үн катпаса да бүгүн «Жетимен» фондусунун төрүндө ардактуу аксакал болуп отурган Бексултан Жакиев агабыз Манас менен Абыке, Көбөштүн урпактарын бөлүнүп-жарылбоого чакырар жерде эле го! Керээттүү кеменгер деген Бексултан авабыз аксакалдык кебин айтпай не жалтактап отуру?..

Интеллигенциянын абийирин ойготуш үчүн деги кандай сыйлыктар болушу керек?..”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.