ТАЛАС: «Данияр Абдыкаров Максим Бакиевдин куйругу»

ТАЛАС: «Данияр Абдыкаров Максим Бакиевдин куйругу»

Талас эли жакында эле, 28-октябрда, Атамбаевдин колунан сыйлык алган ИИМ жетекчисинин орун басары Данияр Абдыкаровго нааразы. “Атамбаев анын кайсы иши үчүн ага “милициянын генерал-майору” жогорку наамын берди?” деген суроону кабыргасынан койгон, Абдыкаровдун иштерин “сойгон” кат куржунубузга келип түштү.

“6-апрелде Таласта элдик толкундоолор башталганда, дал ушул Данияр Абдыкаров Максим Бакиевдин куйругу Талас ИИБнин орун басары болуп туруп, адилетсиз Бакиев бийлигине каршы чыккан Талас элине каршы чыккан. Толкуган элди таркатууга, Бакиев бийлигин сактап калууга болгон күч аракетин жумшаган. Элге жолукканы барган Болот Шер баш болгон оппозиция лидерлерин дал ушул Абдыкаров камакка алган. Талас шаарынын аянтына чыккан миңдеген элди таркатуу үчүн элди ур-токмокко алууну, керек болсо элге каршы ок атууну дал ушул Абдыкаров буйруган. Акырында күч түзүмдөрүнүн жаалданган элге алы келбей калганда, ИИМ министри Конгантиевди ж.б кесиптештерин элге ур-токмокко салып берип, өз кара жанын, башын сактап калуу үчүн аялча кийинип алып, ал жерден качып кеткен. Бул эргул соттолгондун ордуна Атамбаевдин көңүлүн таап, Атамбаевдин колтугуна кирип алды. Болбосо Абдыкаров «Бителден» 15 миллион долларды уурдап кеткени тууралуу так маалыматтар бар. Абдыкаровго «Бителди» тоногону үчүн”, “элге каршы мыйзамсыз ок атууну буйруганы үчүн” кылмыш иши козголсо адилеттүү болмок. Бирок, тилекке каршы, Атамбаев ошол ишинин баарын көз жаздымда калтырып, бул эргулду көтөрмөлөп, ИИМдин орун басары кылып дайындады. Ал эле эмес, Атамбаев өз колу менен «Эрдик» медалын берүүгө үлгүрдү.

Бүгүнкү күндө Абдыкаровдун ИИМди иритип, ал жактагы коррупцияны гүлдөтүп жатканы тууралуу бир нече ММКлар жазып чыкты. Эмнегедир Атамбаев реакция кылбай, кайра Талас элин мазактагансып Абдыкаровго “милициянын генерал-майору” жогорку аскердик чинин ыйгарды. “Талас элин тынчытам” деген Максимдин досун кадырлап жатканы өкүнүчтүү. Эмнеге эле Атамбаев бул эргулга жабышып калды десе, Абдыкаров Атамбаевге майдай жаккан эмгек кылган тура. Эзели Таластыктарды жактырбаган Атамбаев ошол 2010-жылы 6-апрелде Абдыкаровдун элди ур-токмокко алдырганына ыраазы экен. Тагыраак айтканда, Талас элинин таяк жегенине АШАнын моокуму абдан канган экен. Ошол үчүн Абдыкаровду жандай көрүп, жанына алып алыптыр. Мынакей АШАнын чыныгы жүзү, элге кылган кыянаттыгы. Талас эли болбосо, президент болот беле? Өлкөнү жалаң коррупционер крысалар башкарып, мекенчил патриоттор камалып жатканына жаның кейийт экен» деп жазышкан Манастын урпактары.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.