Текебаевди мандатынан ажыратууга Шайлдабекова эмнеге шашты?

Текебаевди мандатынан ажыратууга Шайлдабекова эмнеге шашты?

Бүгүн, 1-ноябрда, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешовичтин мандатынан ажыратуу маселеси кызык эле болду. 20-ноябрга чейин убакыт бар экендигине, жаңы спикер Дастан Жумабековдун кайрылуусу жоктугуна карабай, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шашылыш түрдө жыйын өткөрүп, чечим кабыл алды. Неге мынча шашты? Ага ким заказ берди? Бул жерде мыйзам бузулганы боюнча анын орун басары Атыр Абдрахматова айтып берди. Анда эмесе, сөз башынан болсун, окурман!

Күнөө журналисттердеби же БШК мүчөсү Осмоналиевдеби?

«Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандатын алуу сунушу менен Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. «Мыйзамга ылайык БШК мындай кайрылуудан кийин бир ай ичинде чечим кабыл алышы керек», — деди Кайрат Осмоналиев» деп “24 kg” маалымат агенттиги бүгүн эртең менен жазып чыккан. Бирок, аны Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы БШК мүчөсү К.Осмоналиевдин айтканын эмес, “24 kg” маалымат агенттигинин жазганын четке какты. “ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков мындай кайрылуу жөнөткөн эмес. Муну БШК жыйынында комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да тастыктады. Журналисттер маалыматты жарыялоодон мурун бизден тактап алууңарды өтүнөбүз” деп чыгышты. Ошондо кимде күнөө? Бул жерде журналисттерде күнөө жок, күнөө БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевде болуп жатпайбы. Ал эмнеге анда ошентип айтып берет? Бул сөзү үчүн Кайрат мырза жооп бериши керек!

Атыр АБДРАХМАТОВА: “Текебаевди депутаттык мандатынан шашылыш түрдө ажыратуу мыйзамсыз

Ал эми БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы билесиздер да, «абдан жакшы» иштейт. Ар дайым даяр турат. Жогорку Кеңештен депутатты мандатынан ажыратуу тууралуу кайрылуу келип түшпөгөндүгүн, бирок, ага карабай, Кылмыш кодексине ылайык бүтүм чыгарылышы керектигин баса белгилеп, жыйын өткөрүп, чечим кабыл алды. Анын мындай чечимине баягы эле эки калыс адам — Атыр Абдырахматова менен Гүлнара Журабаева гана каршы добуш беришти.

Атыр Абдрахматова бул чечимге эмнеге каршы болгонун, мандаттан ажыратуунун мыйзамдуу жолун аябай жакшы түшүндүрүп берди. “Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечими мыйзамсыз. Себеби, бүгүн Текебаевдин юристтери БШКга кайрылуу жолдоп, Жогорку Соттун чечими чыкканча мандат маселесин талкуулабай турууну өтүнүшүп, бул соттук инстанцияда алардын көзөмөл арызы 20-ноябрда караларын билдиришкен. А БШК болсо, аны эске албай, бүгүн шашылыш түрдө Текебаевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. 20-ноябрда Жогорку Сот ага карата буга чейин чыккан өкүмдөрүнүн ишке ашуусун токтотуп койсо эмне болот? Бул биринчи маселе. Экинчи маселе, мыйзам боюнча депутат мандатынан ажыратылса, анда кезектеги кийинки адамга мандат беришибиз керек. Бул маселе боюнча төрайым “жок, кийинки мандатты 20-ноябрга чейин бербей турабыз. Эгерде Жогорку Сот башкача чечим чыгарса, анда биз туура эмес болуп калбайлы” деп кооптонуп жатат. Эгерде андай чечимден коркуп жатышса, анда 20-ноябрга чейин Текебаевди мандатынан ажыратпаш керек болчу да”,-дейт күйүп-бышып БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова.

Текебаевдин ордуна депутат болуп ким келет?

Эмнеге мынча чечим шашылыш кабыл алынды? Суроо артынан суроо? Табышмак.

Эми 20-ноябрда Өмүрбек Текебаевдин ордуна, парламентке депутат болуп ким келет? Алдын ала маалыматтарга караганда, Эсептөө палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гаипкулов келиши күтүлүүдө…

 

Эрзат МЫРЗА 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.