Ислам Каримовдун баласы бар экен

Ислам Каримовдун баласы бар экен

Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун расмий өмүр баянына өзгөртүүлөр киргизилди. Жакында эле түзүлгөн Ислам Каримов атындагы илимий-агартуу комплексинин сайтында анын эки кызынан башка дагы бир уулу бар экендиги жазылган.

Буга чейин расмий интернет булактарда Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу эч кандай маалыматтар болгон эмес. Автобиографиясында; «үй-бүлөлүү, эки кызы жана төрт небереси бар. Жубайы Т. А. Каримова экономист, экономика илимдеринин кандидаты, Өзбекстандын Илимдер академиясынын Экономика институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенген. Учурда пенсияда» — деп жазылат.

Kun.uz сайтында Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу мындай деп жазылган: «Википедиянын маалыматы боюнча, Ислам Каримов биринчи жолу 60-жылдары үйлөнгөн. 1969-жылы биринчи жубайы Наталья Кучма экөө Каримов Петр Исламович аттуу уулдуу болушкан. Кучма 2008-жылы Ташкентте каза болгон. Учурда Петр Каримов Орусиянын Москва облусунда жашайт».

Бирок президенттин расмий өмүр баянында анын биринчи никеси жана уулу тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Кийин Ислам Каримов Татьяна Каримова менен баш кошуп, эки кыздуу (1972-жылы Гүлнара Каримова, 1978-жылы Лола Каримова) болушкан.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Петр Каримов Өзбекстандын Улуттук банкынын туунду бөлүмү эсептелген «Азия-Инвест Банк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматында иштеген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.