Актан Арым Кубат Лос-Анжелесте сыйлык алды

Актан Арым Кубат Лос-Анжелесте сыйлык алды

Бул тууралуу депутат Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөн Аsian World Film Festival (AWFF) иш-чарасында кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубат «Мыкты актер» аталып, сыйлык алган. Актан Арымды сыйлыгы менен куттуктайбыз!

Кыргызстандан баргандар

АКШнын Лос-Анджелес шаарында болуп өткөн Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалына (Аsian World Film Festival) Кыргызстандан үч фильм катышты: кинорежиссерлор Эрнест Абдыжапаровдун  “Саякбай”, Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия”.

Анжелина Жоли Көчмөндөр оюнуна келеби?

Буга чейин депутат Садык Шер: «Ишенсенер ишенгиле, ишенбесенер жок. Анжелина Жоли фестивалыбызга өзү келди. Келмек түгүл баары менен таанышып, чай ичип, чер жазыша сүйлөшүп кетти», — деп жазып, анын менен түшкөн сүрөттөрүн, сүйлөшкөн видеосун Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

И баса, Анжелинаны Садык мырза Көчмөндөр оюнуна чакырганын да жазган. Келеби, келбейби, аны биле албайбыз. Мурунку Көчмөндөр оюнуна атактуу актер Стивен Сигал келбеди беле. Бу жолу, балким, Анжелина Жоли келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.