Алайда жер титиреди

Алайда жер титиреди

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматы боюнча, бүгүн, 3-октябрда, саат 07:29 чамасында республикабыздын аймагында  эпицентрде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жер титирөөнүн очогу:  Кыргыз Республикасынын аймагында, Алай кырка тоолорунда жайгашып, Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты, Кара-Киндик   айылынан  23 км түштүктү, Сары-Таш айылынан 30 км түштүк-чыгышты карай жайгашкан. 

Жер титирөөнүн координаттары:  түндүк тууралыгы 39° 30, чыгыш кеңдиги 73° 26´.

Жер титирөө: Бор -Дөбө айылында 3,5 баллга,  Кара-Киндик жана  Сары-Таш айылдарында 3 баллга сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ӨКМ Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.