Алмаз ҮСӨНОВ, президенттик аппараттын жетекчиси: “ Президент Таласта митингге чыккандардан кечирим сурабайт”

Алмаз ҮСӨНОВ, президенттик аппараттын жетекчиси: “ Президент Таласта митингге чыккандардан кечирим сурабайт”

“Азаттык” радиосуна ушинтип айткан экен. Анын айтымында, Таласта өтүп жаткан митингдин артында «Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери турат. Андан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев Манас жөнүндө туура айтканын, митингчилерден кечирим сурабай тургандыгын баса белгилептир. Сөзүн толугу менен берели, мындай дептир: “Бабановдун жактоочуларынын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга алышы керек. Мусулмандар үчүн Куран ыйык. Эгерде облустун имамы эл алдына чыгып, Курандан сүрөө окуса, ал эми адамдар ышкырып, кыйкырышса, аларды өз динин сыйлабаган динсиздер дешмек да, туурабы? “Манасты” Абыке-Көбөштүн тукумдары гана уккусу келбейт. Президенттин митингчилердин ушул жоругун айыптаганы туура болгон. Бабановчулар сөз нугун башка жакка буруп, элди козутканды коюп, мындан туура жыйынтык чыгарышы керек”.

Мына бийликтин жүзү. Аппарат башчысы ушинтип сүйлөп жатат. Таласта атайын бир “Манас” жөнүндө иш-чара жүрүп, андан үзүндү окуп берейин деген андагы губернатор Кенекеевди укпай койсо бир жөн. Кенекеев кандай учурда китепти көтөрүп чыгып жатат? Талас элин башка облуска жаман көрсөтүү аракетин жүргүзүп жатасыңар ажо баш, кошоматчылар төш болуп… Бул күндөр да өтөт. Азырынча чыркыраган чындык бозала болуп босогодо, калп төрдөн орун алган кез болуп турат. Чындык акыры орнойт. Биз буга бөркүбүздөй ишенебиз!

Ким Көбөш, Абыкенин тукумдары, ким Манастын урпактары?

Акты ак, көктү көк деген калыс конфликтолог, аналитик Жыргалбек Касаболотов “Манасты” кайсы жерден, кандай учурда угуу керектигин жакшы түшүндүрүп берген. Ошого көңүл буралы, туугандар!

Дайыр Кенекеевдин тынчтык митингине чыккан элдин алдында “Манас” китебин көтөрүп чыгып, окуп берейин дегени туурабы? Мисалы, аны ажо туура көрүп, ага телефон чалып, “Эй, сен Манастын урпагы экенсиң” деп айттым деди. Экөөнүн тең кылган иши туурабы?

Биринчиден, ал жер Манас айта турган жер эмес. Ар бир нерсенин өзүнүн жолу, орду болот. Митингге чыккан кишилер кайсы бир конкреттүү талап менен келет. Ошол талабына жараша жооп бериш керек.

Экинчиден, «Манасты» митингден айтпайт. Дегеле митингге чыккандардын суроосуна жооп берип маселени жөнгө салуунун ордуна «Манас» айтып же куран окуп кирген киши ошол жерде тургандардын кимисинин болбосун кыжырын гана келтирет. Конфликтологияда белгилүү бир эреже бар. Кандай контингенттеги эл чогулса, кандай талап койсо ошонусуна жараша сөз сүйлөш керек. Айталык, айлыгын талап кылган заводдун жумушчуларынын алдында Кафка менен Фолкнердин чыгармасы тууралуу лекция окуп отуруп алган болбойт, төбөдөн ары төрт коюп кууп чыгат. Ага ошол лекция окуган киши өзү күнөөлүү болот, анткени аудитория, анын маанайы туура келбейт. Мындай элементардык нерселерди билбеген киши жетекчиликке татыктуу эмес.

Үчүнчүдөн, «Манасты» ким гана пайдаланган жок? Ыгы келсе да, келбесе да көрүнгөн жерге сүйрөп отуруп баркын кетирип бүтмөй болушту. Айталык, Акаев убагында «Манастын 7 осуяты» дегенди ойлоп табышкан. Бул жасалма нерсе. Анткени Манас атабыз биринчи иретте жоокер болгон. Өмүрү жоокерчиликте, кылычтын мизинде, найзанын учунда жүрүп өткөн. Осуят айтып аны бирден тизмектеп отурганга убактысы болгон эмес. Ошондуктан ал сиңген жок. Эң негизгиси — үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, ак марал багып уй кылган, ай-ааламды буй кылган, кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган, эптеп жүрүп эл кылган, эр уулу менен тең кылган, Алтайдан Алатоого атпай журтту жыйып келген, өлкөсү үчүн өз жанын кыйып келген, тентектерин теске салып тыйып келген Манастын саясатына каршы 25 жылдан бери кыянаттык жасалып келатат. Кыргызды тентиткен, Алоокенин чапкынындай кылып бирин Алтайга, бирин Каңгайга жөнөткөн бийлик, кыргыздын тилин башка тилге басып берип кор кылган бийлик, паспортундагы атын өчүргөн бийлик, кыргыздын кыйындарын өлтүргөн кылмышкерди кылгыра карап узаткан бийлик Манасты оозанууга кенедей да моралдык акысы жок.

-Туура, Манасты оозанууга моралдык акысы жок болчу. Мамлекет башчысы болуп туруп, элди бөлүп-жарып, “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деп талас элин кемсинткени туурабы?

-Манасты кыргыз өлтүргөн» (кыргыз чогулушу), «Манас — этнический россиянин» (орус медиасы), «Наши соседи — РОССИЯ (!!!), Китай и Казахстан» (ССТV каналы) деген тиги киши башкаларга «Манас» тууралуу айтпай эле койсо болмок. Абыке, Көбөштүн саясатын уланткандар — мамлекеттин колуна түшкөн мүлктү сатыкка чыгарып, анан уялбай аны сатууга каршы чыккандарды «сатмакчы болгонсуң» деп түрмөгө тыккандар. Бир кезде өкмөттүн үстүнөн башкарам деген чет элдик түзүмдүн белдүү кызматкерлерин кайра өкмөттүн башына алып келгендер. Тышкы күчтөрдүн эң такшалган тымызын жоокерлерин чоң кызматка дайындап, колуна эбегейсиз чоң ресурс карматкандар. Элди аткандарды куткарып жиберип, артынан кайра өздөрү өмүр бою жамандагандар. Жамандаган кишисине кызматка барып колунан орден алып, кийин ага каршы элди айдактагандар. Кайра анын адамдарын бүт бойдон жанына жыйып алгандар. Паспорттон кыргыздын атын өчүрүп, улутчулдарды «душманым» дегендер. Кылмышкерлердин ана башын кызыл килемге салып узатып, өзүнө каршы сөз айткандарды каматкандар. Соодадан өлүп бараткансып коңшу мамлекеттен товар ташып, элдин канына забын болгондор. Башмыйзамды каалашынча калчап, жалаң тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгына ууру нормаларды киргизгендер. Экөөнөн тең кепилдик алып, бата берип узатып коюп, кайра бирөөнү эл көзүнчө жамандап өз айыбын өзү ачкандар. «Эл башкарат» дебей, «менин кишим менден эч кайда кете албайт, кызматтан кетсем да мен башкарам» дегендер. Башка элдин башчысына шыйпаңдап жетип баргандар. Кыргыздын жеринде туруп кыргызга каршы башкаларды көкүткөндөр. Аны сындайм деп оозуна ээ боло албай жамы журттун убалына калып, кайра шымын булгаган баладай көзүн жалдыратып отургандар. Чек араны жашыруун чечип, элдин тагдырын элден катып отургандар. Кыргыздын жеринде иштерин кыргызча жүргүзүүдөн баш тартып, өз элинин тилин башка тилге басып бергендер. Мына ушулардын баары Абыке, Көбөштүн жана башкалардын тукумдары. Ким экени түшүнүктүү эле болсо керек.

Элди кайраштырып, экиге бөлүп жаткан ким?

Баягы эле Атамбаев. Ал 18-октябрда мыкты окуган студенттерге стипендиялардын сертификаттарын тапшырып жатып Таласта шайлоодон кийин чыккан митигчилерди катуу сынга алып, “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген. Толугу менен андагы айткан сөзү мына: “Убагында Манас атабыз өлгөндөн кийин, Абыке, Көбөштөр башкарып калган кыргыздарды. Абыке Көбөштөр. Манас атабыздын өмүрлүк жары Каныкей апабыз качкан, кичинекей Семетей менен Бухарага качкан. Казыр да Абыке, Көбөштүн урпактары башын көтөрүп атат. Мен мурдагы күнү “Ютубдан” видеону көрүп алып, жаман болдум. Таластын губернатору Даир Кенекеев “Манасты” алып келип, Манас атанын сөзүн окуп берейин десе, ышкырып, бакырып окутпай койду жаш балдар. Артында, албетте, биз билебиз ким турат. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантты. Манас атабыздын сөзүн Таласта укпайт, уят. Таластыктар үчүн абдан уят. Менин сөзүмдү уктурбасын, Манас атанын сөзүн Таласта окуйм дегенде, эл Куран китебиндей уккандай болуш керек. Манас атабыз, өзгөчө Таласта, Таласты журт кылып,Таластын пирин чыгарып… Чингиз Айтматов айткан: “Саякбай Каралаев – азыркы кылымдын Гомери” деп. Саякбай Каралаевдин китебин, “Манас” дастанын окутпайбыз” деп ышкырып, бакырып, “Манас атанын сөзүн укпайбыз” деп ышкырып, бакырып, Абыке, Көбөштүн урпактары Таласта кылып жаткан кылыгын көрүп алып, мен абдан кайгырдым. Рахмат Даир Кенекеевге. Мен телефон чалып алып, айттым: “Эй, сен Манастын урпагы экенсиң”деп. Манастын урпактары Кыргызстанда көбөйөт. Таласта деле көбөйөт. Манастын урпактары көзүңөрдү ачкыла! Билесиңер, катуу жаракатты Чингиз хандын урпактары Коңурбай алган. Анткени, Монголияда аларды “монгол” дейт, Россия менен Кыргызстанда “калмак” дейбиз. Калмак элине эч кандай каршылыгым жок. Бирок, бул тарых. Анан азыркы чингизиддерди ээрчиген, Таласта биздин саткын адамды, жаш жигитти ээрчип, Абыке, Көбөштүн урпактарын угуп, Манас атанын Таласта укпайм дегендери бул уят. Мени укпагыла, урматтуу таластыктар, Манас атанын сөзүн окуйм дегенде Кудай өзү кечирсин. Кыргыздар үчүн пайгамбардан кийинки эле ыйык адамыбыз — Манас. Биз Манастын урпактарыбыз! Абыке, Көбөштөрдүн урпактарына жол бербейбиз! Өзгөчө Таласта. Талас башкача бир жер. Бүт Кыргызстан сыймыктанат. Мына, Ала Тоо аянтында Манас атабызга, берки тарабында Чингиз Торокулович Айтматов турат. Ошондой эле балдары кыйын болсо, ачык айтайын, биринчи жолу айтып атам. Чингиз Торокулович Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда, ошол таластын балдары бир тыйын берген жок, бир тыйын. Мен акча таап, бүтүрүп бердим, Манас, Чингиз Торокуловдун күмбөзүнө. Айтпаган нерсени айттым. Театр болобу, башка нерсе болобу, эй! Шекерлик, Кара-Бууралык Айтматовго бир тыйын бербей, таластын балдары, ошолорду ээрчигендер бул Абыке, Көбөштүн урпактары. Абыке Көбөштүн урпактары. Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүз деген, миң деген бабаларыбыз канын берген Кыргызстан эгемендүүлүгү үчүн.

«Ханды Кудай ураарда, өз калкына кас болот»

Өзү биринчи “Чингиз Торокулович” дебей, биринчи кезекте “Чыңгыз Төрөкулович” деп кыргызча айтканды үйрөнсүнчү. Дайыма ушинтип айтат. Экинчиден, “мен жалгыз акча чыгаргам”,-деди эле, калпы чыкты го. Ким канча чыгарганы боюнча тизме илинип. Эң көп чыгарган Карганбек Самаков экен го, 5 млн чыгарыптыр. Өзү млн эле кошкон экен. Андай млнду башка Таластын жигиттери бериптир. Дайыма эле “мен эле мен” дей берет. Салижан Жигитов айтты эле кезегинде: “Мен” деген киши өзүмчүл болот. Ал өзүн гана ойлогон киши” деп. Таамай айтыптыр. Көрөгөчтүк кылыптыр. “Мен” деген үчүн өзүн ойлоп, элди кемсинтип жатат. Калпты чендеп айтса жакшы болот эле. Өзү айткандай, бул күндөр да өтөт. Кудайга койдук бул кишини. “Ханды Кудай ураарда, өз калкына кас болот!»

Талас элинин талабынан беребиз

«Атамбаев кечирим сурасын!» деген талап менен ажого убакыт берип келатышат. Бүгүн да ошондой талап менен чыгышкан. Бирок, жогоруда уктуңуздар, анын аппарат башчысы Алмаз Үсөнов эмне деп айтканын.

Бир сааттын ичинде Талас элинин талабынын аягы эмне болуп бүткөнүн беребиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.