“Элес” тобунун солисти Айдин Жумалиев каза болду

“Элес” тобунун солисти Айдин Жумалиев каза болду

«Элес» тобунун солисти, музыкант Айдин Жумалиев каза болгону тууралуу алып баруучу Ассоль Молдакматова  Facebook баракчасына жазып чыкты. Ассолдун айтымында, Айдин Жумалиев менен коштошуу зыйнаты 5-ноябрда, 12-кичирайондогу №52 үйдө өтөт. Маркумдун сөөгү Токмокто жерге жерилет.

Эскерте кетсек, музыкант боор жана өпкө илдети менен ооруган. Ал Түркияда дарыланып жаткан. Анын дарылоосуна акча чогултулуп, концерт уюштурулган. Концерт марафонунда 1 млн сом чогулган, президент Алмазбек Атамбаев 500 миң сом бөлгөн. Тилекке каршы, каза болуп калды, оору деген оору экен, алып кетти.

Айдин Жумалиевдин узакка созулган оорудан каза болгонуна байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө “Алакан” сайтынын эмгек жамааты көңүл айтат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.