Ишенбай КАДЫРБЕКОВ, экс-депутат: “Мөңгүлөрдү талкалоону токтоткула!”

Ишенбай КАДЫРБЕКОВ, экс-депутат: “Мөңгүлөрдү талкалоону токтоткула!”

Деген темада экс-депутат, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков “Азаттык” радиосуна жазып берип, алар чыгарыптыр. Мөңгүлөрдү талкалоодо канчалык зыян алып келээрин, Кыргызстанга коркунуч жаратарын эң жакшы түшүндүрүп берген. Болгон чындык элге текши жетиш үчүн, биз дагы берип коюну туура көрдүк. Окуп, үн кошкула!

Кыргызстанда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жер үстүнөн жексен кылууга уруксат берилди. Жогорку Кеңештин үчүнчү окууда ылайыктуу мыйзам кабыл алууга ыктаганы мына ушуну көздөйт.

Мен депутаттардан жана өкмөт мүчөлөрүнөн силер эмне кылып, эмнеге жол берип жатканыңарды билбейсиңерби деп сурагым келет. Учурдагы Кумтөрдүн кейиштүү абалына себепкер болгон “Центерранын” акционерлери жана аларды коргогондордун айынан келечек муунга Орто Азия аттуу чөл калабы?

Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында сүйлөп жатып минтип белгилеген эле.

— Кыргыз мөңгүлөрүнүн тынымсыз эрип жатканы биздин тынчыбызды алууда. Алар Борбор Азия эле эмес дүйнөдөгү таза сууну пайда кылган зона, табигый сактоочу жай. Божомолго таянсак, 2025-жылы Кыргызстандагы мөңгүлөр 30-40% кыскарат. Бул Борбор Азиянын дарыяларындагы сууну 25-35% азайтат. 2100-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрү таптакыр жок болушу ыктымал. Андыктан биздин демилге өлкөнүн аска-тоолорундагы экосистема менен мөңгүнү сактоо максатында чыгып жатат.

Эми Кумтөр долбоору эмне кылганын көрөлү. Давыдов мөңгүсү Кумтөр кени ишке киргенге чейин 720 млн куб болчу, анын 400 млн куб музу колдонулган.

Көз карандысыз эксперттердин маалыматында, кенди иштетип бүткөндөн кийин муз массасынын дагы 100 млн кубу жоголот. Карьерди кеңейтүү иштеринде дагы 15,5 миллион куб метр муз талкаланат.

Мындайча айтканда, күндүн ысыганынан мурда,адамдын кыянат иштери да бир гана Кыргыз Республикасы эмес, бүткүл адамзаттын мурасына айланган мөңгүнүн жок болушуна алып келди.

Мындан тышкары, “Мөңгүнүн түбүнөн казуу анын ордунан жылышын шарттайт. Анткени ал өзүнүн бийиктигин жана каршылык күчүн жоготот; муз менен кошо тоо тектеринин жылышы мөңгүдөгү кылдат тең салмактуулукту бузат. Бул процесс келечекте прогноздоого жана көзөмөлдөөгө татаал көрүнүштү пайда кылышы ыктымал”.

Бул цитата – “Кумтөр Голд” долбоорунун экологиялык жана тоо-кен тобокелдиктерине баа берүү үчүн кыргыз өкмөтү чакырган эл аралык адистешкен AMEC Earth & Environmental (UK) Ltd (Великобритания) компаниясынын бүтүмүнөн алынган.

Жогоруда айтылган мыйзамга каршы аракеттер Суу кодексинин төмөнкү беренелерин бузуу менен ишке ашкан.

Статья 62. Мөңгүлөрдү коргоо

Мөңгүлөрдүн тездик менен эришине таасир эткен көмүр, күл, май жана ж.б. заттарды колдонгон, мөңгүнүн абалына, суунун сапатына таасир эткен жана мөңгүлөрдү талкалаган ишмердикке тыюу салынат;

Статья 67. Агымды пайда кылган зона

  1. Дарыя пайда болгон аймак, агымды пайда кылган зона болуп эсептелет.
  2. Агым пайда болгон жерде буларга тыюу салынат:

— суу ресурстарынын сапатына терс таасир эткен уу калдыктарын сактоого, таштанды талаасын, көрүстөндү, малдын тарпын көмгөн жана чарба жайларын ачууга;

— суу объекттерин: муз катмарын, мөңгүнү жана андагы карды турмуштук жана башка калдыктар, мунай продукциялары, уу химикаттар, зыяндуу заттар менен булгоого;

Мыйзамдын бул талаптарын аткарбагандыктын кесепеттери:

Экологиялык тобокелдикке себеп болчу кендин негизги жабдыктарынын баары (карьерлер, кампалар, тоо-тектери, алтын бөлүп алган фабрика, уу калдык сакталчу жай, каналдар, тазалоочу шаймандар, инфраструктура объекттери) деңиз деңгээлинен 3600-4400 метр бийиктикте, Борбордук Тянь-Шандын түбөлүк музунда, активдүү мөңгүлөрүндө жайгашкан;

Кендин негизги шаймандарынын географиялык жактан бийик, Нарын дарыясы жана муз катмары пайда болгон жерде жайгашуусу бардык зыяндуу заттардын Кумтөр, Тарагай, Нарын дарыясы аркылуу агып, төмөндө жайгашкан өрөөндөргө топтолушуна шарт түздү.

Немис лабораториясынын анализдеринин жыйынтыгы боюнча жер кыртышында мышьяк жана хромдун концентрациясы 6ПДКны, кобальттыкы 2ПДК, никель -1,4ПДК, цинк 1ПДКны түзөт. «Кумтөр» компаниясынын маалыматында, бир жыл ичинде борбордук карьерден төмөнкүлөр чыгарылат:

11 миллионго жакын куб метр тазаланбаган суу;

* Аммоний нитраты түрүндөгү жарылуучу заттар (1 тонна алтын үчүн 1100 тонна жарылуучу зат керек);

1,5 миллиард тоннадай тоо-тектери;

Уу калдык сактоочу жайдан жана тоо-тектеринен бөлүнүп чыккан саркындылар (жылдык агымы 11 миллион куб метрди түзөт);

* Уулуу химиялык реагенттер (260 тонна алтынды алуу үчүн 1996-2011-жылы 90 миң тоннадан ашуун цианид коротулган);

Күйүүчү-майлоочу заттар (күнүнө 350 тоннадан ашуун) Нарын дарыясынын башталышында түбөлүк калат.

Силер мунун баарын мыйзамдаштырганы жатасыңар!!!

Таң калууну пайда кылган дагы бир парадокс: Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев БУУнун Генералдык Ассамблеясынын бийик трибунасынан мөңгүлөрдү жана тоонун экосистемасын сактоого чакырып жаткан кезде, өкмөт ага каршы мыйзамды демилгелеп жатат. Эсиңерге келгиле!!!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.