МЕДВЕДЕВ: “Кыргыз-казак чек ара талашын чечүүгө жол табылат”

МЕДВЕДЕВ: “Кыргыз-казак чек ара талашын чечүүгө жол табылат”

Бүгүн, 3-ноябрда, Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында, премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек ара маселесин козгоп, бул иш эл аралык нормага каршы келип, 20 күндөн бери чек арада абал өзгөрбөй жаткандыгын айтты.

С. Исаковдун мындай сөзүнө Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев дароо жооп берди. Ал кыргыз өкмөтүн өз милдеттемелерин так аткарууга чакырып, кыргыз тарап азыркыга чейин мыйзамдарын салыктык жөнгө салууга туура келтирбей жатканын, чек арадан мыйзамсыз контрафакттык товарлар өтүп, өлкөдө ветеринардык нормалар калыбына келе электигин билдирди.

Б.Сагинтаевдин сөзүнөн кийин, Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бул талашты чечүүгө жол табылаарына ишеним артаарын айтты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.