ТАЛАС: “Эртеби, кечпи Атамбаевди кечирим суратабыз!”

ТАЛАС: “Эртеби, кечпи Атамбаевди кечирим суратабыз!”

Бүгүн, 3-ноябрда, Талас облустук администрациянын алдында «Манас атанын урпактары, улуттук намыс» аттуу тынчтык жыйынынын уландысы болуп өттү. Митинг болуп жаткан кезде Атамбаевдин аппарат башчысы Алмаз Үсөнов “Таластагы митингге чыккандардан Атамбаев кечирим сурабайт” деп айтты. Муну уккан Талас эли эмоцияга алдырбай, сабырдуулук менен: “Эртеби, кечпи, акыры Атамбаевден кечирим суратабыз!” деп тынчтык жолу менен тарашты.

Айбек МЫРЗА: “Ичкен-жегендерди кустурабыз!”

Активист жаран Айбек Мырзаны кечээ УКМК чакырып, суракка алып, эскертүү берген. Ошого карабай, коркпой Талас элинин алдына барып, катуу сүйлөдү. “Урматтуу туугандар! Бизди кечээ Бишкектен УКМК суракка алган, ага карабай, коркпой, сөз бергенден кийин деп биз атайы Бишкектен сиздердин алдыңыздарга келдик. Биздин бүгүнкү максат эмне эле? Атайы Таластан аксакалдар Бишкекке барып, “Атамбаев “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген сөзү үчүн Талас элинен кечирим сурасын” деп 7 күн убакыт беришкен. Алты аксакалыбыздын артына эле Талас эли чыгып, талап кылдык. Убакыт бердик, жооп берген жок. Бул деген элди, өзүн сыйлабастык. Азыр Атамбаев сын айтып койгон саясатчыларды, журналисттерди, маалымат сайттарды, активисттерди жоопко тартып, миллиондогон акчага айыпка жыгып, керек болсо камап жатат. Ошол жеген миллиондогон акчаларды кустуруп, өндүрүп алууга кудурет жетет. Атамбаевди биз акыры, эртеби, кечпи кечирим суратабыз, сотко беребиз! Азыр сабырдуулук кылып тарайлы. Бишкекке барып Курултай өткөрөлү. Себеби, биз көтөрүп жаткан маселе Талас элинин эле эмес, бардык кыргыз элинин көйгөйү. Мына өткөндө резолюция кабыл алганбыз. Анын ичинде кыргыз-казак чек арасы бар. Ошону алигүнчө чече албай жатышат. Президент чечтиби? Же Жогорку Кеңеш чечтиби? Же Өкмөт чечтиби? Чечкен жок! Анан бизге ушундай бийлик бутактарынын кереги барбы? Кереги жок! Ушундайлардын азабынан карапайым элге гана азап чегип жатат. Биз, Талас эли намыска бек турдук жана тура беребиз! Элдик Курултай дегеним ушул. Жалпы жогорку, республикалык деңгээлде бул маселени көтөрүп чыгуу керек! Өткөндөгү резолюциянын ичине Элдик Курултай өткөрүүнү киргизип коелу дагы, тынч тарайлы! Биз акыры ичип-жегедерди кустуруп, аларды кыргыз элинин алдында кечирим суратабыз!”

29-октябрда кабыл алынган “Манас” резолюциясы

Акыркы убакта КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүтүндөй кыргыз элине жасаган расмий билдирүүлөрү эл арасына ар кандай божомолдорду, таң калууну, ачыган айтканда, элдик кыжырланууларды жаратууда. 19-октябрда Президент жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууда ал каалабаган Президенттик талапкерлерге добуш берген Талас элин “Абыке, Көбүштүн тукумдары”, ал эми өзүнүн кошоматчы жактоочуларын «Манастын урпактары» деп атаган.
27-октябрда чет элдик элчилер менен жолугушууда анын саясаты менен макул болбогон адамдарды Кыргызстандан чыгып кетүүгө чакырып, казак мамлекети аларга эч кыйынчылыксыз жарандык берээрин, казак жери кең экендигин каңкуулаган.
Буга чейин Президент А. Атамбаев “Нарын элин койсуңар” деп, анын саясаты менен макул болбогон саясатчыларды ар кандай одоно сөздөр менен мазактап, Ош жерине барган оппозиционер саясатчыларды ташбараңга алып, кууп чыгууга чакырган учурлары да болгон.
Бул иш-аракеттери менен Президент А. Атамбаев өзүнүн Конституцияда каралган калыс, адилет эл башчылык милдеттерин аткаруунун ордуна кыргыз элин бөлүп-жаруу, бири-бирине тукуруу, эки жээкке бөлүп, аларды бири-бирине тукуруп, ортодо эрегиш отун тутандырып, жек көрүүнү козутуу аракеттерин жасоону адатка айландырып алды.
Талас областынын жашоочулары Президент А.Атамбаевдин бул жосунсуз жоруктарын кескин айыптайт жана А.Атамбаевдин бийлик жүргүзгөн 2011-жылдар мезгилинде бажы системасында өрчүп-өскөн коррупциялык системаны тез аранын ичинде жөнгө салып, анын жетекчилигин иш-аракеттерин тыкыр текшерүүгө алып, жоопко тартуу зарыл деп эсептейт. Эгер мындай иштер жасалбаса, анда бажыдан сол чөнтөккө түшүп жаткан миллиардарга Президент А.Атамбаевдин да тиешеси бар деп эсептейт.
Жогорудагыларды белгилөө менен митингдин катышуучулары КРнын Президенти А.Атамбаевден, Жогорку Кеңештен жана Кыргыз өкмөтүнөн талап кылат:
1. «Таластыктар эл эмес» дегенин, «Эгер кайсыл бир талапкер үчүн 70% добуш берсеңер, анда референдум өткөрүп, Казакстанга кошулуп кеткиле!” деген жана “Таластагы бийликти колдобогондор Абыке, Көбөштүн тукуму” дегени үчүн Талас элинен кечирим сурасын!
2. Кыргыз эли менен Казак элинин ортосундагы калыптанган достук мамилени жокко чыгарып, мамлекеттер ортосунда кастык мамилени орноткон А.Атамбаев Президенттик мөөнөтү бүткөнчө мурдагы мамилени жөнгө келтирсин!
3. Бажы тармагындагы коррупцияны тизгиндөө жана жоюу максатында ал тармакты тыкыр текшерип, Казакстандын премьер-министри Б. Сагинтаев ЕАЭБ жыйынында айтылган сын-пикирлерине жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш жообуна тартуу маселесин тез арада чечилсин!

Урматтуу кыргыз элим! Ойлонолу, ойгонолу! Бул туптуура талап. Баарыбыздын көтөрө турган маселе. Качанга чейин ичип-жегендерге жол берип, аларды байытып, өзүбүз кара нан жеп, оозубузду ачып отура беребиз! Бишкекте өтө турган Элдик Курултайга келип, үн кошуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.